Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Бейөкмөт уюмдар шайлоого байкоочуларды даярдашууда


БИШКЕК. 5-октябрга чейин «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдарынын коалициясы тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоого 2000 байкоочу даярдалат. Бул тууралуу бүгүн коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов «Азаттыкка» маалымдады. Алдыдагы шайлоого байкоочулар коалицияга кирген 160 бейөкмөт уюм тарабынан даярдалууда. Коалиция облус, район, айыл өкмөттөрдө байкоочуларды даярдоо боюнча семинарларды уюштурууда. Жалпысынан уюм тарабынан республика боюнча кийинки айдын башына чейин 80 семинар өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 10-октябрда болот.

XS
SM
MD
LG