Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

ФАЛЛУЖАДА АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ЧАБУУЛУ УЛАНУУДА


Кечээ Ирактын өкмөт башчысынын орун басары Бахрам Салех Ассошейтед пресске берген интервьюсунда Аллавинин администрациясы жалпы элдик шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө аракеттенип жатканын, бирок коопсуздук кырдаалынан улам добуш берүү өлкөнүн кээ бир чөлкөмдөрүндө болбой да калышы ыктымал деп билдирди. Фаллужа шаарында болсо америкалык аскерлер согушкерлердин шектүү жайларына соккусун улантууда.

Жергиликтүү дарыгерлердин ырастоосунда, Фаллужада ишембиден жекшембиге каргана түнү 8 киши мерт кетти, он жетидейи жаракат алды. Бул – америкалык аскерлердин 24 саат ичиндеги үчүнчү чабуулу болду.

Ишемби күнкү бомбалоодон да бир нече карапайым киши набыт болгон эле, алардын ичинде аялдар менен балдар да бар.

АКШлык аскерлердин айтымында, “Ал-Каиданын” жетекчилеринин бири иорданиялык Абу Мусаб ал-Заркавинин колдоочулары шаардагы жайлардын биринде кол салууларын даярдап жатышат, ал жерде карапайым тургундар жок деген чалгынчылардын маалыматы келип түшкөн.

Ройтерс агенттиги урандылардын астынан эки аял менен эки жаш бала тирүү алынып чыкканын көрсөттү.

- Маңдайыбыздагы турак жайга таңкы төрттө чабуул коюлду. Үйдө толтура балдар менен аялдар бар болчу. Муну эмне үчүн жасашты? – дейт ирактыктардын бири.

Америкалык аскерлер шаарды курчоо аяктаган апрелден бери Фаллужага кире элек. Алар шаардагы коопсуздукту камсыздоону жергиликтүү армияга өктөрүп берген. Бирок Ирактын куралдуу күчтөрү милдетин аткара албай, Фаллужаны америкалыктарга каршы күрөшкөн козголоңчулар көзөмөлдөп калган.

Ушундай жагдайдан улам, 2005-жылдын январына белгиленген шайлоо айрым аймактарда өткөрүлбөй да калышы ыктымал деген маселе көтөрүлдү.
Бейшембиде АКШнын мамкатчысы Коллин Пауэлл козголоңчулардын көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдө добуш берүүнүн болбой калышы ажеп эместигин мойнуна алды.

Ушундай эле ойду ишембиде Ассошейтед пресске берген маегинде Ирактын коопсуздук маселелери боюнча вице-премьери Бархам Салех билдирди.

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Йад Аллави жума күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө дүйнө коомчулугу эркин шайлоо өткөрүүгө жардам берет деп ишенээрин белгилеген:

- Көптөгөн кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарга карабай, сиздердин жардамыңар менен шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүгө чечкиндүүбүз.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш дагы ишемби күнкү салттык радиокайрылуусунда Ирактагы кырдаал жөнүндө сөз кылды:

- Ирактын эркиндиги үчүн урушта дүйнөдөгү эң кыянат, мыкаачы адамдарга каршы күрөшүүгө туура келүүдө. Мындай согушта кээде ийгилик, кээде кыйын күндөр да болот. Бирок биздин чечкиндүүлүгүбүз өзгөрбөшү керек.

Ишембиде Интернеттеги ислам веб-баракчаларынын бири болсо Улуу Британия жаранын барымтага алган согушкерлер Кеннет Биглейди өлтүрүп салышты деген маалымат пайда болду. Ал чындыкка канчалык дал келээрин текшерүү кыйын. Ошол эле күнү британиялык мусулмандардын лидерлери Биглейди бошотууга көмөктөшүү үчүн Иракка келишкен. Делегациянын жетекчиси Дауд Абдулла британиялыктар жергиликтүү диний лидерлер менен жолугушууну көздөп жатышканын айтты:

- Биз аны (Биглейди) кармап жаткандарга кандайдыр бир таасир эте алабыз деп үмүттөнөм.

XS
SM
MD
LG