Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ: СОТТУН АНЫКТАМАСЫ, ШАНХАЙ УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ, АЛАЙКУУЛУКТАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ


Апта башында Конституциялык сот Аскар Акаевдин 2005-жылдагы шайлоого катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени карап, так кесе чечим чыгарган жок жана оппозиция соттун мындай ишин сынга алды. 23-сентябрда болсо Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкек жыйыны аяктады. Ал эми оппозициялык бир катар саясий партиялар ымалага келишип, Кыргызстан элдик кыймылы бирикмесин түзүштү.

21-сентябрда Конституциялык сот Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени карады. Так айтканда, аны кароодон баш тартты. Төрага Чолпон Баекова тааныштырган соттук аныктамада бул маселе Конституциялык соттон мурда парламенттин кош палаталарынын жыйындарында каралууга тийиш эле деп айтылат.

Жыл башында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов 2003-жылдын 2-февралында толукталып, өзгөргөн Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу деген маселени тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Ага чейин депутат Чотонов бул суроо менен Мыйзам чыгаруу палатасынын жана Эл өкүлдөр жыйындарынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттерине кайрылып, алардын биринен "Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша албайт" деген, экинчисинен "Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар" деген жоопторду алган.

Бирок 21-сентябрда Конституциялык соттун жүрүшүндө депутат Азимбек Бекназаров аталган комитеттердин чыгарган чечимдери нормативдик укуктук акты болуп эсептелбегендиктен, мыйзамдык күчкө ээ эместигин ачык айтты:

- Комитеттин чечими нормативдик укуктук актыга кирбейт. Ошондуктан Конституциялык соттун бул ишти өндүрүшкө алып, козгоого юридикалык негиз жок болчу деп эсептейм. Конституциялык сот Чотоновдун арызын кабыл алганы менен, иш козгобош керек эле.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин атынан өкүл болуп келген Азимбек Бекназаровдун дагы бир пикири боюнча, депутат Дүйшөн Чотоновдун арызын карап, чечим чыгарган учурда Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитетинде кворум болгон эмес:

- Анткени чечим комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен кабыл алышы керек эле. Ал жолу комитеттин 10 депутатынын алтоо гана катышкан жана ал алты депутаттын төртөө гана Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар деп эсептеген.

Ошондон улам сот жаңы башталганда Бекназаров бул ишти кароону токтотуу өтүнүчү менен судьяларга кайрылды. Бирок соттор ишти андан ары улантып, тараптарды укту.

Дүйшөн Чотонов өз сөзүндө 1998-жылы Конституциялык сот ушундай эле мазмундагы арызды карап, Акаев 2000-жылдагы шайлоого катыша алат деген чечим чыгарып бергенин судьялардын эсине салды:

- Шайлоочуларым менен жолукканда мага дайыма «Аскар Акаев дагы бир жолу шайлана алабы?» деген суроо көп берилет. Жеке мен «шайлана албайт» деп жооп берип келатам. Бирок айрым өкмөттүк гезиттер, саясий партиялар, фонддор жана ишкерлер Аскар Акаевди «дагы ирет шайлоого катышып бериңиз» деп суранып жатышат. Ошондуктан бул талаш-тартыштуу суроого бир беткей жооп алгым келди.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын аталган комитетинин атынан сотко катышкан депутат Баяман Эркинбаев болсо соттун жүрүшүндө «Биз - референдумда өзгөргөн жаңы Конституция менен жашап жатабыз, ошондуктан Аскар Акаев дагы бир ирет шайлана алат» деген көз-карашында тураарын билдирип, соттордон калыс чечим чыгарып берүүнү суранды.

Бирок судья Жумакадыр Тогойбаев Баяман Эркинбаевге суроо берип жатып, акыркы референдумда Конституциянын калган статьялары өзгөрүүгө дуушар болгону менен, «бир эле адамдын 2 мөөнөттөн ашык шайлана албасын» тастыктаган 43-статьянын 2-бөлүгү өзгөрбөгөнүн айтып, өтө кылдат юридикалык маселени эске салды.


Эгерде судья Жумакадыр Тогойбаевдин бул логикасына карап жыйынтыкка келсе Конституциялык сот 2005-жылдагы шайлоого Аскар Акаев катыша албайт деген чечимин чыгарып бермек. Бирок сот чечим эмес, бул маселени кароо азырынча эрте, анткени ал элден мурда парламенттин кош палаталары тарабынан каралууга тийиш деген аныктамасын чыгарды:

- Конституциянын 58-статьясынын 1-пунктунун 3-пунтуна ылайык Конституцияны чечмелөө Жогорку Кеңештин укугу болуп эсептелет. Чотонов менен Эркинбаевдин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитеттеринин бирин-бири жокко чыгарган чечимдеринин негизинде кайрылуусун кароо эрте, анткени ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Ошондуктан Конституциянын 43-статьясынын 2-пункту талаш-тартыш туудуруп жатат деп эсептелбейт.

Конституциялык соттун ишти кыскартуу тууралуу мындай аныктамасына арыз бергендер ыраазы болушкан жок.

Баяман Эркинбаев 1998-жылы ушундай эле арызды кароо учурунда Конституциялык сот Акаев 2000-жылы шайлоого катыша алат деген чечим чыгарып бергенин айтып, соттун аныктамасына ыраазы эмес экенин билдирди:

- Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин көпчүлүк эл айтып жатат – Аскар Акаев дагы бир ирет шайлана алат деп. Ошону тактайлы деген мааниде биз Конституциялык сотко кайрылганбыз. Сот бүгүн «Акаев бара алат же бара албайт» деп чечип бериш керек эле. Мен Конституциялык соттун аныктамасына ыраазы болгон жокмун.

Ал эми «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев болсо Конституциялык сот дайыма саясий чечим кабыл алып келген, бул ирет да сот сүткор аныктама чыгарып берди деди:

- Конституциялык сот мыйзамга таянбастан, дайыма саясий чечим кабыл алып коюп жатат. Мындан мурда да 75 депутат Конституцияга өзгөртүү-толуктоо киргизүү тууралуу кайрылган. Бирок сот аны карабай, кайра артка жөнөтүп жиберген. Конституциялык сот саясий сүткорлук менен иш алып барган органга айланып кетти.

Өмүрбек Текебаевден айырмаланып Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов «эч кандай саясий чечим кабыл алынган жок, анткени талаш-тартыш азырынча пайда боло элек» деген пикирин билдирди:

- Эгер президенттин пайдасына чечим чыгара турган болсок, анда Баяман Эркинбаевдин суроосун канаттандырып, «Аскар Акаев дагы бир ирет шайлоого катыша алат» деп чечим чыгарып бермекпиз. Мына ошондо саясий чечим деп айтсаңар болот эле. Эгерде, капыстан биз бүгүн «Акаев кийинки шайлоого баралбайт» деп чыгарып сала турган болсок, анда эртең ошол эле Жогорку Кеңеш Конституциялык норманы ырасмий чечмелеп, «жок Акаев шайлоого баралат» деп коюшу мүмкүн. Анда биз Конституциялык соттун чечимин таштандыга ыргытып коюшубуз керек болуп калмак, - деди Марат Кайыпов «Азаттыкка».

Ал эми «Арнамыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев болсо Конституциялык сот бул маселени мындан 8 ай мурда эле иш козгобой туруп, кыскартып койсо болмок, эми бул аныктама менен Аскар Акаевдин жолу ачылды деген пикирин айтты:

- Эгер мындай жыйынтыкка келе турган болсо аны 9 ай мурда эле кабыл алып койсо болмок эле. Азыркы кырдаалга караганда бул – саясий чечим эле болуп калды, ал түшүнүктүү эле болуп турат. Бул Ак үй үчүн жакшы болду, мындай аныктама Акаевге жол ачып берди.

Конституциялык соттун мындай чечиминен кийин, так айтканда, 22-сентябрда оппозициядагы бир катар саясий партиялар «Кыргызстандын элдик кыймылы» аттуу бирикме түзүштү. Аны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, президенттикке ат салышууну көздөп жаткан экс-премьер-министр Курманбек Бакиев жетектемей болду.

Ал эми кыймылдын курамына «Жаңы Кыргызстан», «КДК», «Эркиндик», «Республика», «Асаба», «Эрк», «Кайран эл» саясий партиялары, Коммунисттердин Бакытбек Бекбоев жана Клара Ажибекова жетектеген эки партиясы кирди.

Жаңы Кыргызстан партиясынын төрагасы Досбол Нур уулунун маалыматына караганда, бул бирикменин максаты - шайлоонун адилеттүү өтүшүнө кам көрүү жана келерки парламенттик шайлоого бир блок менен, ал эми президенттик шайлоого болсо бир талапкер менен чыгуу болуп эсептелет. Кыймылдын уюштуруу жыйыны 7-октябрга белгиленди.

Ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков "Азаттыкка" "дегеле Аскар Акаев дагы бир ирет талапкер боло алабы деген суроону коюунун өзү укуктук жактан да, саясий жактан да өтө калпыс, сабатсыз көтөрүлгөн маселе болду, бирок бул ирет Конституциялык сот азыркы президент дагы бир ирет катышалат деген чечим чыгарган жок, демек, дагы да болсо уяты бар экен да деди.


******

Аптанын башында биринчи вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев Алайкуудагы 18-сентябрда болгон жол кырсыгына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүштү. Өмүрбек Эгембердиевдин билдиргенине караганда, автобустун айдоочусу - 32 жаштагы Толкун Закиров агасына таандык автоунааны уруксат кагазы жок айдаган. Маалымат жыйынында соттук-медициналык текшерүүлөр айдоочунун жана анын алмаштыруучусунун канында спирт ичимдиги бар экендигин көргөздү деген кабар да айтылды.

Бийлик өкүлдөрүнүн мындай маалыматы каза тапкандардын жакындарына катуу тийди.

Алайкуу айыл өкмөтүндөгү 162 тургуну кайрылуу кабыл алышып, жол кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча Кубанычбек Жумалиев жетектеген өкмөттүк комиссия анын себептерин каза болгон айдоочуларга гана жүктөй салып, жолдун буга чейинки авариялык абалына, көзөмөл жүргүзүүнүн начар болгондугуна маани бербей жаткандыгын белгилешкен. «Кырсык үчүн бийлик өкүлдөрүнүн жооп берүүсүн талап кылабыз» деп айтылат кайрылууда.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Сооронбай Шарипов «Азаттыкка» берген интервьюсунда негизги себеп жолдун начарлыгы эмес, айдоочунун күнөөсү болгон деген бийлик өкүлдөрүн катуу сынга алып, вертолёт менен барып-келип жүргөн чиновниктер Алайкуунун жолу эмне экенин билишпейт деген пикирин айтты:

- Вертолет менен жүргөн кишилер жолду көрбөсө ошентип айта берет. Ноябрдан баштап күз, кыш, жаз айында көргөндө ошондо билишет Алайкуу жолу кандай татаал экенин. Мына азыр жамгыр жаабай кичине сүрүлүп турат, ошондо дагы бул жол республика боюнча эң татаал жолдордун бири. Экинчи жагы, эки балага күнөө койбодукпу, күнөөсү болушу керек, чогуу автобуста жүргөн, жаракат алып ооруканда жаткандар ичимдик ичилген деп айтып атышат. Ошол айдоочулардын лицензиясы жок, жыйырма беш жыл мурунку эски автобус экен деп айтып атат. Бул жерде мамекеттик автоинспекция бар, алар эмнени караган буга чейин? Ал автобус үч айдан бери каттап аткан экен. Министрликтин алдындагы транспорттук инспекция бар, алар эмне кылып жүргөн? Бизде акыркы убакта ушундай болуп калды, кээ бир нерселерге шылтап коюп эле, тиешелүү жооп бере турган кишилер жооп бербей, ошол бойдон жабылып калган көп иш бар. Азыр эл да күтүп атат кандай чара көрүлөт экен деп.


*******

21-сентябрда Кыргызстанга ырасмий сапар менен Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао келди. Ушул эле күнү өкмөт үйүндө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча бир нече макулдашууларга кол коюлду. Алардын эң маанилүүсү катары - эки өлкөнүн 2004-2014-жылдардагы кызматташтыгы жөнүндөгү программаны жана чегараларды демаркациялоо жөнүндө протоколду атасак болчудай. Ошентип өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов белгилегендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чегараны аныктоо толук аяктады.

Николай Танаев менен Вэнь Цзябао кол койгон протокол эми Аксы окуяларына жеткирген бийлик менен оппозициянын ортосундагы кармашка чек коюбу – ал белгисиз. Белгилүүсү - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутат Исмаил Исаков жетектеген комитети протоколдун Үзөнгүкууш, Хантеңириге тийиешелүү жерлерине макул эместигин айтып, каршы пикирин билдирди.

Дал ошол Кытай менен чегарадагы ишенимди бекемдөө максатында Шанхай бешилтиги катары түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 23-сентябрда Бишкектеги отурумун жыйынтыктады. Анын соңунда өкмөт башчылар биргелешкен коммюнике кол коюшту жана бир катар чечимдерди кабыл алышты. Негизги көңүл – экономикалык маселелерге жана терроризмге каршы күрөшкө бурулду.

Экономикалык жааттан алганда уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы көп тармактуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо тууралуу программаны – программа бир жыл мурда кабыл алынган – турмушка ашыруунун планы такталып, макулдашылды.

Мисалы үчүн, Кыргызстан менен Тажикстан бул программа аларга суу-энергетикалык ресурстарды чогуу пайдалануу аркылуу пайда алып келсе болот эле деген ниеттерин айтышты:

- Кыргызстан Тажикстан сыяктуу эле гидроэнергетикалык ресурстарга бай жана аны аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыгына майнаптуу пайдаланууга болот. Бирок мурда курулган ГЭСтерди ремонттоого жана жаңы ГЭСтерди курууга чоң акча керек. Биз Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында бул маселени чечебиз деген үмүттөбүз.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин мындай пикирине үндөш ойду Тажикстандын вице-премьер-министри да айтты. Асадулло Гуломовдун маалыматы боюнча, жыл сайын Тажикстанда Борбор Азия аймагындагы суунун ресурстарынын 64 кубокилометри топтолот, бирок ал майнаптуу пайдаланылбай жатат:

- Республиканын гидроэнергетикалык ресурстарынын бир жылдагы жалпы потенциалы 500 млрд. килоВатт/сааттан ашат. Бирок анын 5 гана процентти пайдаланылып жатат. Ошол эле учурда региондун бир катар мамлекеттеринде электр кубатына болгон чоң муктаждык сакталып кала берүүдө.

Ал эми террорчулукка каршы күрөш маселесинде Орусия менен Кытайдын пикири бул ирет бир жерден чыкты. Орус премьер-министри Михаил Фрадков жакында Москвада жана Бесланда болгон террордук актыларды эске салып, Шанхай кызматташтык уюму терроризмге каршы күрөштө маалымат алмашуу маселесине өзгөчө көңүл бурушу керек деди:

- Бизге жакшы маалымат базасы зарыл – аны түзүүгө баардык укуктук жана уюштуруу негиздери түзүлдү. Эми болсо бизге - кагаздан ишке өтө турган кызматташтык керек.

Фрадковдун мындай пикирин Кытайдын премьери Вэнь Цзябао колдоого алды. Ал дагы терроорго каршы күрөштө уюмга кирген мамлекеттер күчтү бириктирүү керек деп эсептейт.

"Биз, Бесландагы окуларга байланыштуу орус бийлиги терроризмге каршы күрөштүн алкагында соңку учурда жасап жаткан аракеттерди колдоого алабыз. Бул багытта биз кызматташтыкты чыңдашыбыз керек", деди Кытайдын премьери.

Ошентип, эгерде Орусия менен Кытайга уюмдун алкагында көтөргөн негизги маселе – коопсуздукту сактоо жана тероризмге, экстремизмге каршы күрөш болсо, Кыргызстан менен Тажикстанга суу ресурстарын акчага айлантуу башоорусу алдыга чыкты.

Өзбекстан менен Казакстан болсо газ, мунай сыяктуу табийгый байлыктарын жакшы акчага соодалоону көздөп жатат. Шанхай уюму ага мүчө мамлекеттердин мындай кызыкчылыктарын айкалыштырууга кызмат өтөйбү же жокпу – ал келечектин иши.


Жыйындын аяганда биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Андан тышкары уюмдун 2005-жылдагы бюджети, Ташкендеги антитеррордук борбордун жана Пекиндеги аткаруу катчылыгынын ишин камсыздоого кетүүчү каражат чукталды. Шанхай уюмунун интернеттеги баракчасы ачылды: www.sco-ec.gov.cn

Өкмөт башчылардын кезектеги отуруму келерки жылы сентябрда Москвада өтмөй болду.
XS
SM
MD
LG