Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

ЗАЛКАР ДИРИЖЕР, УЛУУ КОМПОЗИТОР КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ 75 ЖАШТА


Бүгүнкү күндөгү улуу муундагы кыргыз дирижерлорунун, композиторлорунун бири - Калый Молдобасанов 75 жашка чыгып жатат. Ал кадимки айтылуу залкар манасчы, комузчу, ырчы, акын Молдобасан Мусулманкуловдун уулу.

Болочоктогу көп кырдуу таланттын ээси Калый балапан кезинен элдик музыканын бешигинде алдейленип, анын чордонунда өсөт. 1942-жылдан 12 жашынан тартып, Кыргыз Филармониясынын эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт. Элдик музыканын алпы Муратаалы баш болгон Карамолдо, Ыбырай, Осмонкул, Алымкул, Чалагыз, атасы Молдобасан жана башка шайырлар менен бирге иштешет.

Ошентип, ал балалыктын балдай татуу мезгилин, артистик турмуштун ар кандай ачуу, таттуу күндөрүн улуу шайырлар менен бирге өткөрөт.

Кийин эр жеткенде Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайында скрипка жана дирижерлоо классында окуйт. 1954-жылы Москвадагы Т.Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясынын дирижерлоо классын профессор Л.Гинзбургдан бүтүрөт. Ал бүтөөрү менен А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында дирижер, башкы дирижер болуп иштейт.

Дүйнөлүк "Отелло", "Борис Годунов", улуттук "Манас", "Асел" өңдүү ондогон классикалык операларды, балеттерди коёт жана дирижерлойт. Бир эле мезгилде жаш жеткинчектер үчүн ар кандай аспаптык пьесаларды, ырларды, чоңдор үчүн лирикалык ырларды, романсттарды, вальстарды жана башка жанрлардагы чыгармаларды жазат.

Автордун кыргыз музыкасынын жаны, жүрөгү болгон элдик обондордун берметтери менен шөкөттөлгөн "Жайлоодо", "Селкиге", "Өрттөнсүн бозой жалынга", "Жыргалым белең сезимге" аттуу жана башка ырлары угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк табат.

Залкар композитордун жаркын шыгы балет жанрында ачылат. Ал кыргыздардын улуттук классикалык балеттеринин уюткусун түзгөн айтылуу куудул Кудайберген жөнүндө "Куйручук", кыргыздардын эр жүрөк кызы Жаңыл Мырза тууралуу "Жаңыл Мырза", Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эки чыгармасынын негизинде "Саманчынын жолу", "Манкурт жөнүндө баян" аттуу балеттерди жазат.


- Калый аке мына, сиз кыргыздардын профессоналдык музыкасынын тарыхында жазыла, улуттук опера жана балет баатырынын сахнасында коюла элек Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" аттуу повестинин негизинде балет-ораторияны жаздыңыз. Өзүңүз эле эмес башкы ролдо ойношкон бийчилер А.Токомбаева, Р.Чокоева, балетмейстер Уран Сарбагышев СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынан болушту. Эмне себептен Сизди Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести кызыктырды? Эмне үчүн каармандары балет аркылуу берүүгө аракеттендиңиз?

- Биринчиден, Чыңгыздын повестинде терең философиялык ой камтылат. Ошондуктан илгерки "Чолпон", "Анар", "Селкинчек" жана башка балеттердей эмес, ыр, хор, бий, сөз аралашкан жаңы багыттагы, жаңы агымдагы балетти жазууга туура келди. Себеби, андай жазбасам супсак, кургак болуп калмак. Чыңгыздын чыгармасын сахналаштырыш, өзгөчө балеттин тилинде бериш өтө кыйын. Анын каармандарын ачып бериш үчүн жан дүйнөңө сиңиришиң керек. Ал каармандар менен кайгырса кайгырышып, кубанышса кошо кубанышың керек. Мен балет-ораториямды жазып жатканда ошондой абалда болдум. Советтер Союзунун учурунда кыргыз балетинин тарыхында биринчи жолу СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болдум. Мен өзүм эле эмес, бийчилер А.Токомбаева, Р.Чокоева, балетмейстер У.Сарбагышев да жогорку сыйлыкка ээ болушту. Бул болсо биздин улуттук музыканын кадыр-баркын көтөрүп кетти.

-Калый аке, "Маңкурт жөнүндө баян" аттуу балетиңизди да жазуучу Ч.Айтматовдун романынын негизинде жаздыңыз. Ага эмне себептен кайрылдыңыз?

- Мен Маңкуртка кайрылганымдын себеби "Саманчынын жолунда" элдин, Атажурттун кайгы-капасы баяндалса, "Маңкуртта" бүгүнкү жеке адамдын, бийликтин трагедиясын берүүгө аракеттендим. Айтматов өткөн турмуш менен азыркы турмушту айкалаштырып берген. Бул балетте жеке адамдын трагедиясын өзүбүз жашап жаткан заман менен төп келгендей изденүүчүлүктө жаздым. Менменсинип жүргөн Жоломандын алиги заматта мээсин айландырып, төө кайтарып, маңкурт болуп калышы адам тагдырынын татаалдыгын айгинелейт.

Маектешибиз сөзүн андан ары минтип улантты:

- Мен эмне үчүн Чыңгыздын чыгармаларына кайрылдым. Себеби Чыңгыздын чыгармаларынын баардыгы музыкалуу келет. Окуп жатканыңда кайсыл жерге кандай музыка жазсаң кандай бийлешээрин билип, көз алдыңа элестетесиң. Маселен, төөлөрдүн жайылып жүргөнү, баатыр Жоломандын бийликтин кесепетинен мусаапыр болуп калганы жана башка окуяларды окуганымда көз алдыма жаза турган музыкам тартылды. "Саманчынын жолунан" кийин башка стилде жазыш керек болду. Бир жылча издендим. Анан стилин таптым. Ошондон кийин Маңкурттун музыкасын жаза баштадым. Көпчүлүк учурда замандаштарым "жазган балеттериңиздин кайсынысын жакшы көрөсүз?" деп сурап калышат. "Биринчи бала" дегендей, алгачкы элдик музыканы кеңири пайдалып отуруп жазган "Куйручукту", анын музыкасы таза кыргыздыкы. Ал эми "Саманчынын жолунун" музыкасы нукура философиялык маанайда келип, согуштун, адамдардын, элдин трагедиясын баяндап турат. "Манкурт" болсо - кылымдын трагедиясы. Ошондуктан анын музыкасы таптакыр башка. Анда бүгүнкү музыкадагы стилди, көркөм каражаттарды кеңири пайдаландым. Бир гана жери "Манкурт" сахнада ойдогудай алып чыгылбай калды. Эгерде жакшылап сахнага алып чыксак, жазган балеттеримдин эң мыктысы деп эсептейм. Заман аңтарылып кетти. Театрда каражат жок. Эгерде кайра жаңыланып коюлса, театрдын түбөлүктүү түшпөс балеттеринен болоруна көзүм жетип турат - дейт Калый Молдобасанов.

Көп кырдуу талант балеттерди, көптөгөн аспаптык чыгармаларды, ырларды жазуу менен бирге эле, ораторияларды, кантанталарды, бир нече "Жаштык", "Эмгек бийи", "Кызгалдак бийи", "Жазгы бийи" аттуу симфониялык бийлерди, "Куйручук", "Жаңыл мырза", "Манастын уулу Семетей", "Манастын кошууну" аттуу сюиталарды да угармандарга тартуулаган. Булар да кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө, байышына барандуу салымын кошот.

Улуттук кесиптик ыр жанрын кайталангыс обондогу романстары, лирикалык ырлары менен байытууда К.Молдобасановдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлейт.
XS
SM
MD
LG