Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Ооганстандагы президенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Анткен менен өлкөдөгү коопсуздук жагдайы азыр деле тынчсызданууларды жаратууда. Бул тууралуу президенттикке талапкерлер да, Ооганстанда аскери бар мамлекеттердин өкүлдөрү да айтып жатышат. Маселен АКШ баштаган коалициялык аскерлердин Ооганстандагы командачысынын билдиргенине караганда "ал-Каида", талибдер жана алардын өнөктөштөрү шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин күчөтүшүүдө.

Шайлоого эки апта калганы менен коопсуздук жүйөөсүнөн улам президенттикке талапкерлер да эл арасына көп чыгыша элек. Маселен башкы талапкер, азыркы президент Хамид Карзайдын тикучагы ракета менен атылган соң башкалаа Кабулдан сырткары аймактарда ансыз деле сейрек кездешүүчү иш сапарларын токтотууга аргасыз болгон эле. Президент Карзай түшкөн тикучма ракета менен ал Гардез шаарынын жанына коноюн деп жатканда атылган.

Аталган окуядан он күнчө өткөн соң гана Карзай кечээ америкалык көп сандаган жансакчыларынын коштоосунда алгачкы жолу Кабулдан сырткары чыгып, шайлоо кампаниясынын алкагында өлкөнүн түндүк аймагында болду. Мазари–Шарифтин жанындагы Шиберган деген шаарда ал президенттик шайлоодогу өзүнүн атаандашы, улуту өзбек генерал Абдул Рашид Достум менен бирдикте чоң жолдун ачылышына катышты. Бул окуяны Карзай "жеңиш " деп атады:

-Биз Лоя Жиргада далилдегенбиз, бүгүн да президенттикке талапкер эки адам, эки атаандаш жолду ачуу үчүн чогуу келгенин көргөзүп жатабыз. Мындай жеңишти сиз башка кайсыл жерден таба аласыз?

Хамид Карзай жекшембиде болгон Шиберган шаары генерал Рашид Достумдун таяныч бекети катары эсептелет. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, бул жерде улуту өзбек генералдын сүрөтү түшүрүлгөн плакаттар илинген, автоунаага коюлган үн-көбөйткүчтөр аркылуу адамдар Достумду мактаган ураан-чакырыктарды айтып жүрүшөт.

Талапкерлердин калгандары деле Карзайдан ашып эл кыдыруу ниетин көргөзгөн жок. "Эгер өкмөттүк жогорку кызматта турган адамдардын жагдайы кооптуу болсо, биз кантип 34 провинцияны кыдырып, өзүбүздүн идеялар жөнүндө айтабыз" ,- дейт президенттикке талапкерлердин бири Абдул Саттар Сират. Ал жана башка 13 талапкер шайлоонун мөөнөтүн дагы бир айга артка жылдыруу чакырыгы менен чыгышкан:

- Биз азыркы учурдагы коопсуздук кырдаалынан улам белгиленген убакта, ачык жана адилет шайлоону өткөрүүгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз.

Андыктан президенттикке талапкерлер шайлоо кампаниясын жүргүзүүдө өзүлөрүнүн таяныч бекеттери катары эсептелген аймактар менен чектелүүдө. Алсак Карзайдын башкы атаандашы катары каралып жаткан талапкер, мурдагы ички иштер жана билим министри Юнис Кануни ушул аптада Кабулдун жанындагы Черикар деген жерде өз жактоочулары менен кездешип, мындай деди:

- Силерде эки тандоо бар. Чет элдиктерге багынып, алардын каалоосун аткаруу же болбосо же өз жихаддыңардын урматына өлкөнүн келечеги үчүн көз карандысыз адамды тандоо.

Азыркы президент Хамид Карзайдын талапкерлигин эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ ачык эле колдоп, анын шайлоодо жеңип чыгары күтүлүп жатканы белгилүү. Бирок шайлоого аз калганы менен коопсуздук ойдогудай эместигин Ооганстанда аскери бар АКШ менен башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да айтып жатышат.

АКШ баштаган коалициялык аскерлердин Ооганстандагы командачысы Девид Барнонун айтымында, "ал-Каида" менен Талибандын согушкерлери шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин улантууда:

- Биз "ал-Каида" шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин колдоп жатканынын белгилерин көрүүдөбүз. Биз "ал-Каиданын" жана башка чет элдик согушкерлер өзгөчө түштүк–чыгыш: Пакитика, Пактия, Хост провинцияларында бар экенин көрүүдөбүз. Бул чек ара аймактары пакистандыктар бир нече операцияларды өткөргөн Түндүк жана Түштүк Вазирстан чөлкөмү менен кездешет. Чөлкөмдөгү террордук уюмдардын баары үчүн Ооганстандагы эркин, алар катышпаган шайлоону үзгүлтүккө учуратуу чогуу максат экени чындык.

Азыр АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 19 миңге жетти. Бул жыл башындагыдан дээрлик эки эсеге жакын көп. Ооганстанда шайлоо алдындагы кырдаал туруксуз бойдон калып жатканын бул жерде аскери бар экинчи өлкө - Германиянын коргоо министри Петер Штрук белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG