Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

КОНСТИТУЦИЯ КАЧАН ТУРУКТУУ БОЛОТ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргызстанда башкы көйгөйлөрдүн бири - жазылган айрым мыйзамдар аткарылбайт. Ал аз келгенсип алар тез-тез өзгөрүп, жогорку бийликтин кызыкчылыгы үчүн 3-4-жыл аралыгында бирден референдум өткөрүлүп турат. Конституция да кайра-кайра толукталууда. Жалалабаддын айрым тургундары бир адамдын кызыкчылыгы үчүн Башмыйзамдын улам жаңыртылышын каалашпай турганын айтышты.

Демократиялык өнүгүүнү тандаган өлкөбүздө ар ким өз ой-пикирин ачык-айрым айтууга акылуу. Башмыйзамды өзгөртүү менен президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартууну каалаган атуулдардын жүйөөсү бардыр. Жалалабад мэриясынын бөлүм башчысы Ырысбү Калчаева мындай ойдо:

- Кол топтоп, референдум кылуу керек, азыркы мамлекет башчысы дагы бир мөөнөткө калыш керек деген кээ бир адамар чыкса, балким алардын өзүнүн кандайдыр бир ойлору, жүйөлөрү бардыр.

Ырысбү Калчаевадан айырмаланып адвокат Сагын Жумашевдин пикири боюнча Конституция - Курандай ыйык, Кошмо Штаттардыкындай туруктуу болушу керек. Бир адамдын эмес, коомдун кызыкчылыгын көздөгөнү ийги:

- АКШнын Конституциясы 500 жылдан бери өзгөрүлбөй келе жатат. Конституция элдин пайдасына, кызыкчылыгына иштеш керек. Ал эми бир адамдын көңүлүнө иштегендей бир статья бөлүнүп чыккан жок да.

"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгеги сиңирген ишмер» Акыбай Сооронбаевдин көз карашында өлкөбүздүн Башмыйзамында кемчиликтер көп, ал турмуш өзгөргөн сайын жаңыланууга муктаж:

- Турмуш өзгөрүп жаткандан кийин мыйзамдар артта калбашы керек. Конституция түбөлүк эмес, референдумдун шарттары бар. Бирок бир адамдын кызыкчылыгы үчүн болбошу керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун түшүндүрмөсү боюнча өлкөдө жогорку бийликтин жеке максаты үчүн референдум өткөрүү салтка айланып калган. Конституция үч жол менен: элдик референдум аркылуу, Президенттин демилгеси менен жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын каалоосу менен өзгөрүлүүгө тийиш. Бекназаров эмдиги жылы да референдум уюштурулса, ага таңкалуунун зарылдыгы жок дейт:

- 1993-жылдан бери төрт жолу референдум болду. Төртөө тең президенттин укуктарын жогорулатты. Бешинчи жолу референдум өтсө эмне болот эле? Эч нерсе болбойт, эл туура эле кабыл алат.

Азимбек Бекназаров мыйзамды сыйлаган мамлекетте гана Конституция улам-улам оңдолбой, бек сакталаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG