Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

АКШдагы ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨ ТЫШКЫ САЯСАТ БАШКЫ ОРУНДА


Төрөкул Дооров, Прага Ирак согушу жана андагы кырдаал АКШдагы президенттик так үчүн президент Жорж Буш менен анын атаандашы, сенатор Жон Керри ортосундагы күрөштө башкы ролду ойной тургандай. Мындан төрт жыл мурда, Жорж Буш ошол кездеги вице-президент Ал Гор менен атаандашкан кезде, шайлоо өнөктүгү үчүн тышкы саясат экинчи мааниде каралган. Анда сегиз жыл катары менен буркурап өскөн өлкөнүн экономикасына тиешелүү проблемалар биринчи планда каралган эле. Негизи эле Кошмо Штаттарындагы шайлоо өнөктүктөрүндө тышкы саясат анча деле маанилүү эмес деп эсептешет айрым байкоочулар. Бирок эмне үчүн америкалыктар арасында маанисиз бул проблема эми жогору тепкичке көтөрүлө баштады?

Акыркы жолу америкалык шайлоо өнөктүгүндө тышкы саясат 1980-жылы негизги орунду ээлеген. Анда ирандык студенттер АКШнын Тегерандагы элчилигинде 52 америкалык атуулду барымтага алышкан эле.

Ошол кездеги президент Жимми Картер барымта кризисин чече албагандыгы да шайлоодо Роналд Рейганга утулуп калышынын бир себеби болгон. 1981-жылдын 20-январында Рейган президент катарында ант бергенден кийин гана ирандыктар 444 күн барымтада кармап турушкан адамдарды бошотушкан.

Андан берки мезгил аралыгында АКШдагы шайлоо өнөктүктөрүндө өлкөнүн экономикасына тийиштиги бар суроолор гана басымдуулук кылып келишти. 1992-жылы, Советтер Союзу кулагандан кийин, азыркы президент Жорж Буштун атасы Жорж Буш шайлоо өнөктүгүндө тышкы саясаттагы ийгиликтерине кайрылуу менен, улуттук экономикага басым жасаган Билл Клинтонго утулуп калган.

Ал эми ушул тапта Америка Кошмо Штаттары Ирактагы кандуу согушка чырмалып, тышкы саясат шайлоо өнөктүгү үчүн кайрадан башкы проблемага айланууда. Сенаторм Жон Керри конфликтти Буштун “чоң катасы” деп билет. Анын оюнда, Буш согушту баштоо менен, 2001-жылдын 11-сентябры үчүн айыпталган “ал-Кайданы” табуу ишинен оолактап жатат. Ал эми Буш, өз кезегинде, Иракка басып кирип, Саддам Хусейндин режимин кулатууну терроризмге каршы күрөштүн ажырагыс бөлүгү деп билет.

Бирок эмне үчүн жалаң эле согуш же чет-өлдөлөрдөгү кризис америкалык шайлоо өнөктүгүнө тышкы саясат проблемасын алып чыгышы керек?

Вашингтондогу Като институтунун вице-президенти, АКШ саясатын изилдеген Девид Боаздын ишениминде, бул америкалыктардын георгафиялык оорду менен да байланыштуу. Атлантика жана Тынч мухиттери америкалыктарды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн бөлүп турат. “Бирок бул георгафиялык арыжым да тандоонун маселелери менен байланыштуу” – дейт байкоочу.

- Америкадагылардын дээрлик баары эле дүйнөнүн башка жерлеринен качып келишкен эмеспи. Бизди ал жактардан ушул эки чоң мухит бөлүп, коргоп турат. Андыктан адамзат баштан кечирген эки дүйнөлүк согуштарга деле америкалыктар көп маани беришкен эмес, - деп эсептейт Девид Боаз.

Жалпысынан, Боаздын айтымында, америкалыктардагы бөлүндү болуу тенденциясы илгертен эле саясий чечимдер менен калыптанып, түптөлүп келген. Буга мисал катарында эксперт 1823-жылы президент Жеймс Монро тарабынан кабыл алынган Доктринага токтолот. Анда айтылгандарга ылайык, европалык мамлекеттер АКШнын көз карандысыздыгына карата жакшы мамиледе болбой калышы мүмкүн. Ушундан уламбы, америкалыктар дүйнөнүн башка бөлүктөрүнөн оолак болууга аракет кылышкан деп ойлойт ал.

АКШнын мурдагы конгрессмени Билл Френзель да америкалыктарда өзүнчөлүк, бөлүнүү көрүнүштөрү бар деп ойлойт, бирок ошол эле учурда азыр алар сырткы дүйнө менен заманбап байланыш түйүндөрү аркылуу дайыма мамиледе болуп турат дейт.

Ал эми АКШнын күчтүү мамлекет катарында статусу ага эларалык кризистерди чечүүгө жол ачат деп эсептейт экс-конгрессмен. Аны менен катар чет өлкөлөрдөгү конфликттер америкалыктар үчүн жалпы көп улуттуу проблема катарында кабыл алынат деп ишенет ал.

Ушундан уламбы, Френзелдин оюнда, тышкы саясат АКШдагы шайлоо өнөктүктөрүндө дагы бир канча мезгил бою башкы проблема бойдон кала бермекчи.
XS
SM
MD
LG