Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 2000 байкоочу көз салат


БИШКЕК. 10-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоого «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы жана 165 жергиликтүү бейөкмөт уюмдары тарабынан даярдалган 2000 байкоочу көзөмөлдүк кылат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалиция башчысы Элдил Байсаловдун кабарлоосуна караганда, байкоочулар өлкө боюнча 144 айыл өкмөтүндөгү шайлоо участокторунда болушуп, шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу кеңири отчет даярдашат. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы Кыргызстанда 1999-2001-жылдары өткөн шайлоолорго байкоо салышып, шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алгандыгын коомчулукка ачык айтып чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG