Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Коңшулардын биргелешкен базары ачылат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытай чектешкен Торугарт жана Эркечтам чек ара пункттарынын аймагында биргелешкен соода базары түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев билдирди. Мындай чечим Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун визити учурунда кабылданды. Танаевдин баасы боюнча, Вэнь Цзябаонун Кыргызстандагы визити эки тараптын мындан аркы кызматташуу багытын аныктап, буга чейинкисин жыйынтыктоого шарт түздү. Натыйжада, Кытай Кыргызстандан өз рыногуна жалаң гана чийки товар албай Бүткүл дүйнөлүк соода уюумунун өкүлү катары даяр продукция да алууга даяр экендигин билдирди. Визит маалында бир катар макулдашууларга кол коюлуп, чек ара, экономикалык-техникалык алака байланыштарды чыңдоого негиз түзүлдү.

XS
SM
MD
LG