Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРИЗМДИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ


27-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү. Ушул майрам быйыл 25-ирет белгиленип, туризм - дүйнө элинин экономикасына гана салым кошпостон, социалдык- маданий турмуш деңгээлинин жогорулашына жана достуктун чыңдалышына өбөлгө болуп келүүдө. Эл аралык соода байланышы да, айлана - чөйрөнү, жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, маданий мурастарды баалоо туризмге байланыштуу. Ошондуктан быйыл Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм - Бириккен улуттар уюмунун курамына кирди.

Өлкөдө эл аралык туристтик форум, жармаңкелер өткөрүлүп, эл аралык каттамдар ачылып,чет өлкөлүктөр Кыргыз жергесине кызыгып келе баштады. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди,экологиялык туризмди,тобокелге баш байлаган рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгилеп жүрүшөт.

Өлкөдөгү туризмдин абалы жөнүндө Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков мындай дейт:

- Кыргызстан – тогуз жолдун томунда, Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысыккөлү - туризм тармагынын келечегине негиз болуп берчүдөй. Туризм келечекте өлкөбүздүн экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл. Эл дагы туризмдин маани-маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысыккөлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат.Бул тармакты өнүктүрүү үчүн көп нормативдик документтер кабыл алынды. Мурда Кыргызстанга келүү үчүн виза маселеси кыйынга турса,азыр мындай тоскоолдуктар чечилип калды. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн дагы туристтер келип жатышат.

Туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Ысыккөлдө эс алуу туризми калыптанып келатат. Асман тиреген бийик тоолорубуз альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу. Аңчылыкты да уюштуруп жүрөбүз. Мен ойлойм, ушул экологиялык туризмге да көңүл буруу керек. Кээ бир чет өлкөлүктөр тоолорго чыгып, кооз жерлерде болуп, ат минип, сүт ичип табияттын кереметине суктанганды артык көрүшөт. Бул үчүн тоолорго барчу жолдорду да оңдоо керек. Деги эле Кыргызстандын жолдорун оңдоп, тейлөө тармагын жакшыртуу зарыл.


Германиянын ишкерлери, фирмалары Ысыккөлдөгү 5 долбоорду каржылоо үчүн 2,5 млрд доллардык инвестиция бөлүүгө ниет кылышууда. Жапан күн чыгыш өлкөсү дагы Ысыккөлгө көз кырын салып, бул аймакта туризмди өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыгууга макулдук берүүдө. Быйыл ханзаада Ага хан да Кыргыз жергесине келип, Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүү долбоорун каржылоо маселесин чечип бермек болду. Жеке инвестициялар Казакстан, Өзбекстан, Орусия өлкөлөрүнөн келип жатат. Бул жагдай Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө, инфраструктуранын жакшырышына шарт түзмөкчү.

Мисалы: Түркия жылдык кирешесинин 7 млрд. долларын туризм тармагынан алышат. Алар чет өлкөлүк туристтерди тартып келүү үчүн бардык мамлекеттер менен иштеп жатышат. Туризм - бул чоң бизнес экендигин айтуу менен Кыргызстандагы туризмдин өсүп-өнүгүшүнө реклама жана маркетинг кызматынын орду жөнүндө өлкөнүн жеке ишкерлер ассоцациясынын төрагасы, «Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин пикири:

- Өлкөбүздөгү бюрократия, коррупция, банк системасынын чабалдыгы, мыйзамдарыбыздын чийкилиги туризмдин өнүгүшүнө абдан бут тосуп жатат. Биздин өлкө Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан, жергебиздин кооз табияты дагы чет мамлекеттик атуулдардын келишине өбөлгө түзүүдө.Бир эле Кыргызстанга келбестен, Борбор Азияны көрүүгө дилгир болуп келишет. Бирок, коңшу өлкөлөрдүн саясаты, мамилеси туристтерди иренжитип коюп жатат. Казакстан менен Өзбекстанга виза алуу, паспорт, бажы текшерүүлөрү менен турист чек араларда эле бир топ убакытын жоготуп, зарыгып күтүү менен маанайлары чөгүп калууда. Дагы кемчиликтердин катарына өлкөбүздүн авио компаниясынын бечелдиги, жолдорубуздун начардыгы, телефон коммуникация байланыш каражаттарынын учур талабына жооп бербегендигин кошууга болот.

Кыргызстандын туризм тармагына адистерди даярдоо үчүн 7 жогорку окуу жайы иштеп, бул окуу жайларды бутүргөн ондогон бүтүрүүчүлөр ишсиз жүргөнүн,өлкөдө 4 миңден ашуун турфирма катталганы менен анын отуздайы гана туруктуу иштеп жатканын Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков айтып, Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмга мүчөлүк акы үчүн ар жыл сайын 25-26 миң еврону казынадан эмес, эми турфиралардын эсебинен төлөө керектигин да белгиледи. Кыргызстандын айрым турфирмалары ар жыл сайын Берлинде, Лондондо, Москвада, Алматыда өткөн эл аралык туристтик жармаңкеге катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө аракет кылып жүрүшөт. Эмдиги жылдан баштап, Бишкекте да эл аралык туристтик жармаңке өткөрүүгө азыртан камылгалар көрүлө баштады.

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү өлкөдө атайын майрамдалып, шаан-шөкөт өткөрүлгөн жок. Өткөн ишемби күнү турфиралардын айрым өкүлдөрү Ала-арча капчыгайына барып, чогуу эс алып, туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешип келишти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG