Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Британиялык авиамагнат космоско алгачкы коммерциялык учууларды уюштурат


"Виржин Антлантик" деп аталган авиакомпаниянын негиздөөчүсү Ричард Брэнсондун билдиргенине караганда, ал бул багытта америкалык "Space Ship One" деп аталган фирманын артында турган ишкана менен келишим
түзгөн. "Space Ship One " фирмасы жеке менчиктеги алгачкы космос кемесин жасап, быйыл июнда аны учуруп көргөн болчу. Ричард Брэнсондун айтымында, учууларды ал түзгөн "Виржин Галактик" компаниясы уюштурат:

- Беш жылдын аралыгында "Виржин Галактик" болжол менен 3000дей адамдын космонавт болуусуна мүмкүндүк берет. Көпчүлүк өлкөлөрдө ири мамлекеттердин өкмөттүк программалары менен атаандаша алгыдай каражат жок. Биз алдыдагы бир нече жылдын аралыгында бир катар өлкөлөрдө космоско коммерциялык максатта учуулар үчүн жайларды курабыз.

Ричард Брэнсон белгилегендей, космоско саякаттоону каалагандарга келечекте учканы жана ага чейинки үч күнкү машыгуу үчүн 207 миң доллардан төлөөгө туура келет.

XS
SM
MD
LG