Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Орусиянын мурдагы жана азыркы депутаттарынын тобу Жогорку Сотко кайрылышты


Алар Жогорку Сотко өткөн декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз жолдошту. Арыз ээлери Кремль колдогон "Единая Россия" партиясы массалык маалымат каражаттарында артыкчылык берилүү менен адилетсиз жеңишке жетишкен деп эсептешет. Декабрдагы шайлоодо "Единая Россия" Мамлекеттик думадагы 450 орундун 300дөн ашуунун ээлеген болчу. Доогерлердин айтымында, алар Жогорку Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарат деп күтүшпөйт, бирок бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурууну каалашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG