Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Өзбекстандын соту мурдагы советтик жоокерди 18 жылга эркинен ажыратты


Кезинде советтик аскерлердин катарында Ооганстанда согушкан, 1980–жылдардын орто ченинен бери дайын-дареги билинбей калган, 38 жаштагы Касим Эрматов быйыл январда Пакистандын Карачи шаарынан кармалып, Өзбекстанга өткөрүлүп берилген эле. Өзбекстандын соту Эрматовду Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү болгон деп тапты. АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстан Ислам кыймылын өткөн аптада кайрадан террорчул уюмдардын катарына кошкон. Өзбек тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закировдун билдиргенине караганда, алар бул чечимди колдойт:

- Биз Мамлекеттик департаменттин Өзбекстан Ислам кыймылын террорчу уюм деп кайрадан ырасташын колдойбуз. Бул дагы бир жолу биздин турумубуз туура болгонун, АКШ менен Өзбекстандын Өзбекстан Ислам кыймылына карата туруму бирдей экенин көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG