Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Пакистанда “ал-Каиданын” адамы жок кылынды


Пакистан президенти Первез Мушараф бүгүн бул окуяны кубаттап, жок кылынган согушкерди өтө коркунучтуу террорчу катары мүнөздөдү:

- Биз террор коркунучунун эң маанилүү булагын жок кылдык. Ал мага кол салууга гана эмес өлкөнүн башка жерлериндеги террордук чабуулдарга да катышкан. Демек биз өтө коркунучтуу террорчуну жок кылдык.

Первез Мушараф бул тууралуу Пакистандын коопсуздук кызматтары кечээ Навабшах деген шаарда, атышуу учурунда Амжад Хусеин Фаруки аттуу согушкерди жок кылган соң айтып олтурат.
Ал президент Первез Мушарафтын өмүрүнө эки ирээт кол салууну уюштургандыгы жана 2002-жылы америкалык Дэниэл Перл атуу журналисттин киши колдуу болушуна, АКШнын Карачи шаарындагы консулдугунда жанкечти жасаган жардырууга катышы бардыгы үчүн изделип келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG