Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

САЛЫК КОДЕКСИ ЖАЗЫЛЫП БҮТӨ ЭЛЕК


Президент жарлыгы менен түзүлгөн комиссия соңку отурумунда жаңы Салык кодексиндеги талаштуу жерлерди тактоо чечимине келди. Август айында даяр болчу негизги экономикалык документти даярдоо иши улам артка жылдырылууда. Буга биртоп социалдык маселелердин такталбагандыгы себеп болууда.

Жаңы Салык кодексин жазып чыгуу кыйла түйшүгү көп жумуш экенин айтып, август айында комиссия президентке кайрылган. Аны Кыргызстандын Каржы министринин орунбасары Мурат Исмаилов мындайча чечмелеген:

- Салык кодексинин биринчи вариантын жазып койдук. Эми аны ишкерлер, эл, чет элдик донорлор менен макулдашып чыгуу үчүн бизге дагы убакыт керек.

Мурат Исмаилов август айынан тарта эксперттик топ баса олтуруп иштей тургандыгын, түйшүгү арбын жумуш сентябрдан калбай аягына чыгарын билдирген. Анткен менен комиссиянын 15-сентябрдагы отурумунда дагыле биртоп талаштуу маселелер бардыгын, салык төлөөчүлөр менен мыйзам даярдоочулардын ортосунда бир пикирге келишүү кыйын жумуш экени айгине болду.

Президенттик акимчиликтин экономика бөлүм башчысынын орунбасары Улан Даникеевдин айтымында, өзгөчө чоң талаш социалдык маселелердин айланасында чыкты. Аларды тактап чыгыш үчүн комиссия эксперттик топко эки жумалык мөөнөт берип, кийинки айдын башында маселени дагы бир ирет тактап чыгуу мунасасына токтолду. Улан Даникеев Салык кодекси дайыма алымча-кошумчаланып турчу документ дейт. 1996-жылкы Салык кодекси кабылдангандан жыл өтпөй 100 жакын өзгөртүүлөр киргизилген.

Жаңы Салык кодексин даярдоочу эксперттик топтун жетекчиси Андрей Красниковдун ырасташынча, бул ирет элден келип түшкөн 1,5 миңге пикир, сунуштар эске алынды:

- Бизге бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир көрсөтөр салык көлөмүн көбөйтүү жана азайтуу маселесин дагы бир жолу жакшылап карап чыгуу милдети жүктөлдү. Октябрь айынын башында өтчү отурумда Салык кодексин даярдоочулар менен пикир, сунуш жөнөткөндөрдүн ортосунда курч талаштарды жараткан маселелер талкууланат.

Анын айтымында, өкмөт мамлекеттик эмес пенсия, камсыздоо фонддоруна шарт түзүп бериши керек. Непадам, социалдык тармактан алынчу салыктар такталбаса комиссия ишти өкмөттүн кароосуна жөнөтүшү деле ыктымал.

Антип, жаңы Салык кодексин даярдоочулардын ашыгып жатышынын себеп-жөнү деле дайын. Жаңы эле каникулдан келип ишин улантып аткан парламент депутаттарынын көңүлү ушу тапта көлөмдүү экономикалык мыйзамда эмес, шайлоо округдарына оодарылып, алагды болуп отурушкан кези. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев депутаттар Бажы кодексин кабыл алып берип, эми Салык кодексин гана күтүп отурушканын күн мурунтан эле айтып койгон жайы бар.

- Салык кодекси. Мына, президент айтты, бирок бизге келе элек. Өзү айтып атат, Кудай буюрса, аманчылык болсо, күздө келет деп атат. Ага чейин бүтүрүшсүн. Атайын комиссия иштеп атат. Келгенде кабыл алууга даярбыз.

Президент А.Акаев быйылкы парламент менен элге кайрылуусунда биртоп экономикалык мыйзамдардын кабыл алынышы кечеңдеп, депутаттар ыкшоо иштеп жатканын белгилеген. Жаңы Салык кодекси убакты-сааты аяктап бараткан азыркы парламенттин кароосуна коюлары азырынча бүдөмүк. Ага чейин кодекс өкмөттүн сынынан өтүшү керек.

XS
SM
MD
LG