Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

АКШдан аскердик делегация келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга АКШнын Коргоо министринин Евразия өлкөлөрү боюнча орун басарынын жардамчысы Джеймс Макдугалл баштаган делегация иш сапары менен менен келди. Америкалык делегациясынын курамында АКШнын аскердик коопсуздук жана кызматташтык агенттигинин башчысы Джон Маоузли, Кошмо Шатттардын Коргоо министрлигинин штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитет башчысы Крей Палмер бар.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, чет элдик делегация Коргоо министри Эсен Топоев, Улуттук гвардиянын жетекчиси Абдыгул Чотбаев, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланышты чыңдоо багытындагы маселелер талкууланат. Ошондой эле жолугушуунун соңунда аскердик кызматташтыкты чыңдоо тууралуу протоколго кол коюлат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG