Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

А.Акаевдин АКШдагы сапары уланууда


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев АКШда жүрүүдө. Бүгүн ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурда жүрүп жаткан 59-сессиясынын жалпы талкуусунда сөз сүйлөдү. Ал эми кечээ президент белгилүү финансист Жорж Сорос жана БУУнун Өнүгүү программасынын администратору Маллок Браун менен жолугушту.

Жорж Соростун ачык коом институту менен Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы долбоорлорун ишке ашыруу талкууланды. Ушул күнү Юта штатындагы Орем шаарында президенттин жубайы Майрам Акаеванын англис тилинде басылып чыккан «Үмүттүн шооласы өчпөйт» аттуу китебинин бет ачары болуп, Акаевага Юта өрөөнүндөгү колледждин ардактуу доктору деген даража ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG