Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Экс-премьер президент Акаевдин мөөнөтү тууралуу


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Кыргызстандын элдик кыймылынын» төрагасы, экс-премьер Курманбек Бакиев "азыркы мамлекет башчысы Аскар Акаев "эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоого катышпайм" деп алты жолу айтты, демек президенттик сөзүнө туруп жана Конституцияга ылайык шайлоого катышпасы керек, деп билдирди.

Ошондой эле Курманбек Бакиев азыркы президент Акаев эмдиги жылдагы шайлоого катыша турган болсо да президенттикке ат салышуу тууралуу өзүнүн ниетинен кайтпай тургандыгын, мындай убаданы 2002-жылы Алабукадагы шайлоочуларына бергендигин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG