Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Афинадагы башкы жолго күчөтүлгөн полиция күзөтү коюлмакчы


Грекиянын премьер-министри Афинадагы башкы жолго күчөтүлгөн полиция күзөтү коюларын билдирди. Афинада бүгүн жүздөгөн адамдар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген канжолдогу кыймылды бууп, тосуп алышкан. Алар кечээ ушул жолдо автокырсыкта каза тапкан жети өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу нааразылык билдирип, жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ылайыкташтырылган жолдогу коопсуздукту бекемдөөнү талап кылышты.

Кабарларга караганда, кечээ ушул жерде балдарды спорт мелдешине ташып бараткан автобус жүк ташуучу машине менен кагылыша кетип, жети бала набыт кеткен. Былтыр ушул жолдогу ар түрдүү кырсыктардан 80ден ашуун адам каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG