Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

"Отан" оппозициячыларды айыптады


Казакстандын өкмөтчүл "Отан" партиясы кырдаалга чагым салууда деп оппозициячыларды айыптады. Президент Н.Назарбаев жетектеген "Отан" партиясы 19-сентябрдагы шайлоо адилеттүү өттү, оппозициячылар анын жыйынтыктарынан күмөн санап, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылуу менен Казакстандын эл аралык аброюна көлөкө түшүрүүдө деп эсептейт.

ЕККУ жана АКШ Казакстандагы шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок деп билдиришкен. Бүгүн Астанадагы ырасми басылмалар жарыялаган шайлоонун жыйынтыктары боюнча, "Отан" партиясына парламенттин төмөнкү палатасындагы тикелей шайланчу 67 депутаттык орундун 31и тийди, дагы он орунду ал партиялык тизме боюнча жеңип алган. Партиялык тизме боюнча оппозициячылар арасынан "Ак жол" партиясы гана жалгыз мандатка ээ болду.

XS
SM
MD
LG