Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

ООГАНДЫК АЯЛДАР - ШАЙЛООЧУЛАРДЫН КҮЧТҮҮ БӨЛҮГҮ


Ооганстандагы президенттик шайлоого 2 апта калган учурда "өнөктүк адилет жана эркин болобу?", "коопсуздукту камсыздоо үчүн жетиштүү чара көрүлүп жатабы?" деген өңдүү суроолор көбүрөөк көтөрүлө баштады. Аны менен бирге айрым байкоочулар өлкөдөгү аял-шайлоочулардын активдүүлүгүнө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылыкка талапкерлердин арасында да бир аял бар экенин белгилей кетели. Масууда Жалал - Карзай менен Кануни сыңары негизги фаворит катары аталып жүрбөсө да, ал маалымат каражаттарында, эл арасында оозго көп алынып келатат.

Эки жыл илгери Жалал айым Лойя Жырганын жыйынында президенттикке өтпөй калган. Эми ал экинчи ирет башка 16 талапкер менен бирге Хамид Карзай менен атаандашмакчы.

Турмушундагы реалдуу өзгөрүүлөргө үмүттөнгөн оогандар 3 баланын энеси, 41 жаштагы Жалал айымдан көптү күтүшөт. Башка феминисттерден айырмаланып, ал жалаң гана аял-шайлоочуларга таянбастан, эркектердин да колдоосуна ээ боло алды.

Хесрау Назари тоолуу Тахар вилайетинен атайын келип, Жалалдын шайлоо кампаниясына ыктыярдуу катышып жүрөт. Эркектер үстөмдүк кылган, консервативдүү Ооганстанда эркектин аял-талапкер үчүн үгүт дүргүзгөнү таңкалыштуу эмеспи?

- Жок,- деп эсептейт Назари. -Эркектер дайыма өкмөттү башкарып келишкен. Коомго кызмат өтөөнүн ордуна алар этникалык, диний бөлүнүп-бүлүнүүгө алып келишти. Бийликке аял киши келсе, ал энелик жоопкерчилиги менен мамиле кылат. Эне болсо эч качан зыян алып келбейт. Ошондой аял үчүн добуш берүү чоң сыймык.

Ооганстандын Жогорку сотунун диний башкармалыгы Жалалдын талапкерлигин мыйзамсыз жана исламга сыйбаган жорук катары жарыялоону талап кылган. Масуданын айытымында, аны коркутуп-үркүткөндөр да болду.

Бирок жеке коопсуздугуна жана жупуну каржы булактарына карабай Жалал айым аны колдогон адамдардын үмүтүн үзбөй, шайлоо кампаниясын улантууну чечти:

- Тарапкерлерим мени колдоп берсе, мен шайлоого катышам деп сөз бердим. Алар менин шайлоо кампанияма жардам беришет, себеби радио, сыналгы, пресса үчүн акча-тыйыным жок.

Ооганстанда шайлоо үчүн каттодон өткөн жарандардын 40 процентин аялдар түзөт. Тилекке каршы, алар талапкерлер жана алардын саясий туруму же идеялары жөнүндө көп деле билишпейт.
Буга карабастан, оогандык кыз-келиндер шайлоого сөзсүз түрдө катышууга умтулушат:

- Биз үчүн добуш берүү өтө маанилүү. Өлкөбүздөгү салгылашууларды токтотууну каалайбыз. Эң негизгиси болсо, жакшы президентти шайлап алышыбыз керек, - дейт Бобо Жан аттуу аял.

Согуш, талиптер, дагы бир уруш. Бобо Жан Ооганстан кабылган кыйынчылыктарды өз башынан да кечирди. Азыр болсо ал күнүнө 3 саат окуйт, түштөн киийн кийим тазалаган жерде иштейт. Бобо Жан жана ал өңдүү миңдеген оогандык аялдар эмки айдагы шайлоо тынч жашоого жол ачат деп үмүт байлашат.

Кээ бир байкоочулар аялдар өз эркин билдирбестен, күйөөлөрүнө баш ийип, алар колдогон талапкерге добуш бериши мүмкүн деп эскертишет. Андан тышкары эскичил салттар күчтүү алыскы вилайеттерде аялдар дагы деле беттерин чүмкөп, үйлөрүнөн дээрлик чыгышпайт.

Аял активисттер болсо кээ бир кыз-келиндер бурка кийип жүргөнү менен, каттоодон өтүп, 9-октябрда өз добушун берүүгө дилгир экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG