Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

ООГАНСТАН: АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ШАЙЛООГО ТААСИР ТИЙГИЗЕБИ?


Төрөкул Дооров, Прага Келээрки айдын тогузуна белгиленген Ооганстандагы президенттик шайлоо жакындаган сайын аймактагы абал курчуп жатканы тууралуу кабарлар айтылууда. Бул тууралуу билдирген АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад, ошол эле учурда, сабырдуулукка чакырат. Анын айтымында, Ооганстанды калыбына келтирүү жараяны көптөгөн жылдарга созулушу айкын. Коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү бир эле мезгилде өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушуна да алып келүүдө. Ушундай маалыматты 28-сентябрда адам укуктары боюнча абройлуу эл аралык Human Rights Watch уюму таркатты. Ал эми АКШ баштаган коалиция күчтөрүнүн командачысы Девид Барно “ал-Каида” жана талибдер шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин көрүшөөрүн айтты.

Human Rights Watch ооган жериндеги адам укуктарынын оор абалы тууралуу буга чейин деле айтып келген.

Уюм былтыр июлда Ооганстандын көпчүлүк аймактарында көзөмөлдү мурда АКШ тарабынан колдоого алынып келген жергиликтүү аскерий жетекчилер жана лашкерлер өздөрүнө алып алышканын айтып, эскертүү жасаган.

Аталган уюмдун Азия мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бред Адамс ал билдирүүдө “Кабулдан сырткаркы жерлерде көзөмөл аскерий жетекчилер менен бандиттердин колуна өткөндүгүн жана шайлоого бир жылдан азыраак мезгил калгандагы абал ооган жериндеги адам укуктарынын оор абалын көрсөтүп жатканын” билдирген.

Human Rights Watch шейшембиде жасаган жаңы билдирүүсүндө буга чейин айтылган божомолдор орундалганын белгилейт. Изилдөөчү Жон Сайфтон эки аптадан кийин өтүүчү президенттик шайлоонун алдында аскерий жетекчилер “дале атышуулар тууралуу айтып жатышат” дейт.

Билдирүүдө, ошондой эле, регионалдык аскер башчылары өлкөнүн баардык аймактарында шайлоо жараянына басымдуулугун күчөтүү максаты менен бийликти колго алып, коркутуу жана башка жолдорду ишке киргизип жатышкандыгы көрсөтүлгөн.

Эң коркунучтуусу ал жетекчилер ооган милициясы америкалык аскерлер менен кошулуусун талап кылышууда, - деп эскертет укук коргоочулар.

Сайфтондун айтымында, АКШ жетектеген аскерлер жана НАТОнун күчтөрү баардык аймактарда көзөмөл жүргүзүүгө жетишсиз болгондуктан, көп шайлоо чөлкөмдөрүндөгү көзөмөлдү ооган милициясы өз мойнуна алат. Ал эми ооган милициясы жергиликтүү калк ичинде коркунуч сезимин жаратып жаткандыгы белгилүү.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад дүйшөмбүдө Кабулда айткандай, аскер башчылардын өкүмдүү билдирүүлөрү добуш берүү жараянына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок элчи президенттикке талапкер, командачы Абдул Рашид Достумду мактады. Достумдун милициясы коалиция күчтөрүнө талибдер менен күрөштө бир топ эле жардам берген.

Хализадды айрым президенттикке талапкерлер “элчи азыркы президент, ошол эле учурда бул такка талапкер Хамид Карзайга колдоо көрсөтүү үчүн калган талапкерлерге басым жасады” деп айыпташкан эле. Бул өңдүү күнөөлөрдү ал четке кагат:

- Мен президент Карзайга саясий упай алып келүү максаты менен эч качан анын атаандаштарына басым жасаган эмесмин. Менин бул жердеги милдетим – элге жардам берүү. Эгерде алар кээде бири-бири менен сүйлөшө албай, өз ойлорун мен аркылуу билдиргилери келсе, мен аларды чынында эле угуп, аларга кызмат кылам.

Дүйшөбү күнү Кабулда АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн жетекчиси Девид Барно “ал-Каида” жана талибдер шайлоого тоскоолдук кылуу аракетин көрүшөөрүн билдирди. Анын ишениминде, коалиция күчтөрүнүн жигердүү аракеттери "ал-каидачыларды" коңшулаш Пакистанга качып, ошол жактан иштөөгө мажбурлады.

- Биз Пакистанда “ал-Каиданын” айрым өкүлдөрү бар экендигин билебиз. Алар ошол жерден туруп, өздөрүнүн чет өлкөлөрдөгү согушкерлери аркылуу иштешет жана ал жерде өздөрүн коопсуздук сезишет. Бирок акыркы мезгилдерде Пакистандын аскерий күчтөрү аларга каршы чабуулдарды күчөтүшкөндөн бери, "ал-каидачылар" үчүн Пакистан деле ишенимдүү баш калка болбой калды, - деди коалициялык күчтөрдүн жетекчиси Девид Барно.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай шайлоодо жеңишке жетиш үчүн ар тараптуу колдоого алынууда. Бирок эгерде ал өзүнүн өкмөтүн регионалдык аскерий күчтөрдүн лидерлеринен кураганга милдеттүү болсо, анда анын бийлигинин мыйзамдуулугу да күмөндүү деп табылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG