Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

"АРНАМЫСЧЫЛАРДЫН" АКШдагы ПИКЕТИ, «КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ», «ЫСЫККӨЛ» ФОРУМУ


29-сентябрда жарык көргөн “Республикада” “Кыргызстандын элдик кыймылы” бирикмесинин билдирүүсү жарыяланды. Ал эми “Адабий гезит” болсо Ысыккөлдө өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият кызматкерлеринин “3- Ысыккөл форуму” тууралуу макалага орун берди.

28-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» президент Аскар Акаевдин Америка Кошмо Штаттарындагы сапары тууралуу маалымат берди. «Өлкөнүн президенти Аскар Акаев Юта штатынан Нью-Йоркко келип, Жорж Сорос менен жолугуп, Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясынын 59-сессиясында сөз сүйлөйт» деп билдирет басылманын кабарчысы Амалия Бенлиян.

29-сентябрдагы «Республика» дагы президент Аскар Акаевдин АКШдагы сапары учурунда “Арнамыс” партиясынын мүчөлөрү БУУнун алдында пикетке чыкканы жөнүндө жазды. «Республикада» мындан башка дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу башкы редактор Замира Сыдыкова мындай дейт:

- "Кыргызстандын элдик кыймылы” бирикмесинин билдирүүсү жарыяланды. Бул бирикменин курамына кирген 9 партия, ушул уюмду түзүүнүн максаты туралуу белгилүү саясатчы, Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ”Кыргызстандын элдик кыймылынын” төрагасы Курманбек Бакиев менен маек жарыяланды. Ошондой эле, азыркы учурда ээсин багып жаткан иттер тууралуу да макала бар.

Шаршемби күнү «Адибий гезит» жарык көрдү. Анда мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү жана орфографиялык жазуунун жаңы эрежелери жөнүндөгү макала бар. Дагы кандай мазмундагы макалалар жарыяланганын башкы редактор Асанбек Кулманбетов айтып берсин:

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият кызматкерлеринин Ысыккөлдүн Чоктал айылындагы “Роял-бич” пансионатында өткөн “Ысыккөл форуму” тууралуу белгилүү сынчы, драматург Жаныш Кулманбетовдун макаласына орун бердик. Назар манасчынын 230 жылдыгына карата Таласта өткөн маначылардын кароо-сынагы тууралуу да макала бар. 1-октябрь - карылар күнү болгондуктан кутман энелердин бири, акын Күмүш Суран кызынын “Бар болгула, карыларым” деген чыгармасын да жарыяладык.

30-сентябрда «Трибуна» гезити чыкмакчы. Анда Бишкектеги «Бермет» акционердик коомунун талаш- тартышы, 7 дүкөндү мыйзамсыз сатып жиберген факт тууралуу макала бар. Гезитте, ошондой эле, өлкөдөгү турак-жай маселелери жана Кочкор райондук сотунун таңкалычтуу чечимдери тууралуу маалыматтар да жазылган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG