Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:03

Америкалык талиб Буштан мунапыс сурады


Ооганстанда талибдер менен согушканы үчүн Жонн Уалкер Линд 20 жылга эркинен ажыратылган эле. Линддин адвокаты "2001-жылы Түндүк Алянска каршы согушуп жаткан талибдердин катарында болгон Линд - террорист эмес, ал эч качан америкалык аскерлерге каршы ок ачкан эмес" деди.

Адвокат АКШнын дагы бир атуулу, Линд менен бир күндө туткунга түшкөн Ясер Эсам Хамди үч жыл түрмөдө отургандан кийин бошотулуп жаткандыгын эскертти. Хамди Американын паспортунан баш тартып, өзү туулуп өскөн Саударавияга кайтып кетиши керек.

XS
SM
MD
LG