Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

САЯСИЙ ЭКИ БИРИКМЕ БАШ КОШОБУ?


Кыргызстандагы тогуз саясий партиянын башын бириктирген «Кыргызстандын элдик кыймылынын» өкүлдөрү алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоону калыс өткөрүү үчүн Мисир Ашыркулов башында турган «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеси менен биригиши мүмкүн экендигин жарыя кылды. Бирок жаңыдан көз жарган бул кыймылдын мындай аракети ишке ашаарына күмөн санагандар арбын.

«Кыргызстандын элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиевдин билдирүүсү боюнча, кыймылдын башкы максаты – парламенттик жана президенттик шайлоону таза өткөрүп, азыркы бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу. Кыймылдын кшул биринчи максаты ушул жылдын май айында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов баштаган жети саясатчы түзгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдигинин башкы максаты менен шайкеш. Ушундан улам эки уюм мындан ары биргелешип аракет кылаары ажеп эмес экендигин Курманбек Бакиев минтип чечмеледи:

- Биригишибиз мүмкүн. Бир топ маселелер боюнча бизден мурда түзүлгөн бирикме менен биздин кыймылдын көз караштары бирдей.

Кыймылга мүчө «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, жаңы уюм атуулдук бирикмеге атаандаш эмес. Ошондуктан азыр биригүү боюнча эки уюмдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

- Сүйлөшүүнүн биринчи раундун өткөрдүк. Биригүү процесси жүрүп жатат. Бирок саясий топ катары бириге калганга юридикалык жактан жол жок. Себеби, биздин кыймылдын саясий максаты бар. Ал президенттик шайлоого бир талапкерди көрсөтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү бир блокко биригип туруп ат салышалы деген максат. Атуулдук бирикме болсо парламенттик жана президенттик шайлоону адилет, таза өткөрүү максаты менен гана түзүлгөн. Азыр мына ушул жагдайлар да талкууланып жатат.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиктин мүчөсү Мелис Эшимкановдун билдирүүсү боюнча, сүйлөшүүлөр өтө дыкат жүрүп, ар кандай жагдайлар таразага салынууда. Анын жыйынтыгында уюмдар бирикпеши да толук мүмкүн. Бирок атуулдук бирикменин өкүлдөрү үчүн мындагы негизги кызыкчылык - шайлоолорду адилет өткөрүү максатына жетүү болууда:

-Бизде бир эле максат. Ал парламенттик жана президенттик шайлоону адилет, калыс, демократияга ылайык өткөрүү жана ага өзүбүздүн салымды кошуу. Ал үчүн күчтөрдүн баарын бириктирип, Кыргызстандагы эки жарым миңден ашуун шайлоо участкаларындагы добуш берүүнү көзөмөлгө алуу. Ага чейин шайлоочулардын укук-милдеттерин түшүндүрүү жана жалпы коомчулуктун пикирин адилет шайлоо өткөрүүгө буруу.

Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеге атаандаш катары түзүлгөн Элдик-патриоттук кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун эки уюм бириккен күндө да негизги максатына жете албайт деген пикирде:

-Булардын баары биригип алып, бийлик койгон тузакка түшүп берип жатышат. Анткени, булар президенттик, парламенттик шайлоого барып, шайлоонун таза өтүшү үчүн күрөшөбүз деп жатат. Азыркы бийлик турганда мындай максатка жетип, жеңүүгө мүмкүн эмес. Себеби, бийлик өзүнүн катуу системасын ишке киргизди. Шайлоодо сөзсүз түрдө бурмалоолор болот. Азыркы бийликти алмаштыруу үчүн башка жолдор, маселен, акцияларды уюштуруу, талап кылуу жолу менен күрөшүү керек.

«Адилет шайлоо үчүн» бирикменин мүчөсү Мелис Эшимканов Турсунбек Акундун мындай пикирине макул эмес. Ал саясий системаны өзгөртүүнү көксөгөн күчтөрдүн аракетин көрө албай сын айтып, сырттан көз салган тараптардын кудуретсиздигинин далили:

-Эми ушундай пикир айткан кишилердин баары сынтагып, сырттан карап тура берсе таз кейпибизден эч качан чыга албайбыз. Бул жерде кеп Асан, Үсөн же Петр жөнүндө болуп жаткан жери жок, жалпы саясий системаны өзгөртүү аракети жүрүүдө. Эгер ал кереги жок болсо, анда Аскар Акаевди колдоп, алакан жайып, кол чаап эле отуруп берели,- дейт М.Эшимканов.

Президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков бирдиктүү блок түзүү саясий топтордун өз иши жана шайлоонун кандай болорун эл гана чечет деген ойдо:

- Блок түзөбү же түзбөйбү - бул алардын өздөрүнүн иши. Алар «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» эптеп эле элди бузуп, элдин көңүлүн тескери бурганга аракет кылганы айдан ачык болуп турат.

XS
SM
MD
LG