Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Кыргызстанда Британиядагы колледждин филиалы ачылды


БИШКЕК. Кыргызстанда Улуу Британиянын беделдүү окуу жайларынын бири болгон Cavendish колледжинин филиалы ачылды. КМШнын аймагында алгачкы ирет ачылып жаткан бул окуу жайдын башкы максаты - эмгек рыногунун талаптарына ылайык ийкемдүү окуу системасынын негизинде адистерди даярдоо. Филиалдын студенттери Англиядагы курбулары окуган программа боюнча билим алышат. Колледждин окуу программасы Британиянын аккредитациялык кеңеши тарабынан жактырылган. Тил боюнча курстар, бизнес, компьютердик технология, туризм жана менеджмент боюнча лекциялар сөзсүз түрдө окутулчу курстар катары киргизилген. Колледжге тестирлөө аркылуу студенттерди Лондондон келген окутуучулар кабыл алышат. Анын бүтүрүүчүлөрүнө Британияда таанылган сертификаттар жана дипломдор берилет. Cavendish колледжинин филиалдары Иранда, Индия, Кытай, Малайзия жана Араб Эмираттарында бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG