Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Кыргызстанга Ирандын делегациясы келет


БИШКЕК. Эртең Иран ислам республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Арефтин Кыргызстандагы иш сапары башталат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, ушул эле күнү Мухаммад Реза Ареф премьер-министр Николай Танаев менен жолугушат. Тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы экономика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мухаммад Реза Ареф Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте да болот жана ага ардактуу профессору наамы ыйгарылат.

Ирандын вице-президентинин, ошондой эле, президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагалары менен жолугушуулары күтүлүүдө.

Иш сапар учурунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйыны болуп, илим изилдөө, маданият тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG