Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Турсунбай Бакир уулу эки гезитти сотко бермекчи


БИШКЕК. “Вечерний Бишкек” гезитине 23-сентябрда “Акыйкатчынын кечиккен отчёту”, 27-сентябрдагы номурунда Акыйкатчынын орун басарларынын бош орду тууралуу макала жана 27-сентябрда “Слово Кыргызстана” гезитине Аманов аттуу кабарчынын акыйкатчы тууралуу макаласы жарык көргөн. Ошол макалаларда так эмес маалыматтар таркатылгандыктан аталган гезиттердин үстүнөн Бишкек шаардык Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна доо арызын жолдой тургандыгын Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Акыйкатчы, ошондой эле, 23-сентябрдагы Жогорку Кеңеште берген отчёту тууралуу “КООРТ” жана Кыргыз улуттук телерадиокорпорация өз жаңылыктарында Акыйкатчыны бир жактуу каралоо максатында маалымат бергени үчүн сотко кайрылмакчы.

Бирок учурда КТРдын маалымат кызматы менен Акыйкатчынын басма сөз кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, ал эми “КООРТ” телекомпаниясынан эч кандай жооп боло элек билдирди Турсунбай Бакир уулу.

“КООРТ” телевидениесинин кабарчысы Чолпон Бекболотова “Азаттыкка” 23-сентябрдагы чагылдырылган кабар үчүн Акыйкатчынын күнөө коюшуна эч кандай негиз жок,деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG