Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Кармалган радиактивдүү зат Орусияда изилденет


БИШКЕК. Айрым маалымат каражаттары "өткөн жумада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы плутоний-239 радиоактивдүү затын сатууга аракет жасагандарды кармады. Плутоний дүйнөдө тыйуу салынганына байланыштуу, ал оңой-олтоң табыла койбойт, ошондуктан ал радиактивдүү затты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын плутоний деп билдиргени тажрыйбасыздык” деп жазып чыгышты.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан билдиргенине караганда, өткөн аптада Чүй облусунда кармалган 60 коргошун идиштеги затты Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лабороториясы тийешелүү химиялык заттар жана тетиктер жоктугуна байланыштуу текшерип, эмне зат экендигин аныктай албастыгын билдирген. Ал эми ал затты Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл депертаментинин лабораториясы текшергенде 1500-2000 микрорентген өлчөмүндө болуп, плутоний экендиги аныкталган. Ал эми азырынча плутоний деп шектелген, бир коргошун идиштеги зат Орусиянын адистери тарабынан дыкат изилденүүгө жиберилгенин Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” бүгүн билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG