Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Өкмөт жыйынында кышка даярдык талкууланды


БИШКЕК. Өзбекстандан сатып алынган газдын 50 пайызы дайынсыз жоголууда деп билдирди бүгүн өкмөт жыйынында «Кыргазгаз» акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жусупов. Анын айтымында көгүлтүр газ кандай жол менен жоголуп жатканы азырынча белгисиз жана муну иликтөө боюнча парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында атайын комиссия түзүлдү.

Жыйында 2004-2005-жылдын күз-кышына даярдыктар, президенттин социалдык мобилизацияны өнүктүрүү боюнча жардыгынын Ош жана Жалалабад облустарында ишке ашырылышы каралды. Өкмөт отурумунда маалымдалгандай, ушул жылдын 8 айында өлкөдө 205 миң тонна гана көмүр казылды.

Окуу жайлар менен интернат үйлөрдү отун менен камсыз кылууга каралган 1 млн. 795 миң сомдун азырынча 359 миң сому гана жумшалды.

Бишкектин мэри Медет Керимкулов болсо жыйында 15-октябрга чейин борбор кышка толук даяр болот деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG