Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ӨНӨКТҮК ЭЛ АРАСЫНДА БӨЛҮНҮП-ЖАРЫЛУУНУ КҮЧӨТӨБҮ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда туура 5 айдан соң парламенттик шайлоо болот. Бирок шайлоо өнөктүгү айрым жерлерде бир жылдан бери, айрым чөлкөмдөрдө мындан 2-3 жыл мурда эле башталганы маалым. Ар бир аймактын, уруунун тыңыраак өкүлдөрү элин кыдырып, байлыгын чачып, шайлоочуларынын көңүлүн алып жаткан учур. Ар биринин колунда өзүнө тиешелүү шайлоо округдарында жашаган уруулардын жана таасирлүү адамдардын тизмеси бар. Айрым жерлерде эмитен эле уруу-уруу болуп бөлүнүүлөр, тирешүүлөр башталганын байкоочулар белгилешет.

Келечекте депутат болууну самаган ким менен сүйлөшпө ал өзүнө тиешелүү шайлоо чөлкөмүндө уруулаштары көп экенин белгилеп, жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү бардыгын кеп кылат.
Ал түгүл ар бир шайлоо чөлкөмүндө жайгашкан уруулардын тизмеси Өкмөт үйүн аралап жүргөнү коомчулукка жашыруун деле болбой калгансыды.
Ошентип алдыдагы шайлоо өнөктүгү кайрадан элдин бөлүнүп-жарылуусун күчөтөөрүн эмитен эле эксперттер эскерте баштады.

Эгер тарыхка кайрыла турган болсок элдин биримдигин ыдыратуу, эл арасындагы кадыр-барктуу инсандардын таасирин төмөндөтүү аракеттери ХIХ кылымдын 2-жарымында чөлкөмдү каратып алган Орусия империясынын оторчулук саясатынын башкы милдети болгон.
Ошол учурда киргизилген болуштук шайлоо системасы элди атайын бөлүп-жарууга багытталганын падышалык төбөлдөр танган эмес.
Көпчүлүк эксперттер буга чейинки шайлоо учурунда, ошондой эле алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин негизги таянычы өзүнө тиешелүү урууларда болоорун ырасташат.
Ошентип келечекте депутат болууну самаган министр болобу, же губернаторбу же байлыгы ашып-ташыган бизнесменби, же эл үчүн күйүп-бышкан жалаң төш саясатчыбы - келип эле өз уруусунан колдоо издеп, айылдарды түрө кыдырып жүргөн кез.


Шайлоо өнөктүгү алдындагы мындай көрүнүштү саясат таануучу Карыбек Байбосунов Кыргызстандагы саясат жеке кландардын кызыкчылыгына кызмат кылгандан улам деп түшүндүрөт:

-Мунун түпкү себеби - бизде ал калыптанып калган да башынан, баягы уруучулук адаттан чыга албай жүрбөйбүзбү. Анан биздин саясат негизинен кландардын болбосо да жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн эле жүргүзүлүп атпайбы. Жалпы мамлекеттик масштабда саясат жүргүзөлү десек бири-бирибизге бут тосуп туруп алабыз, такай эле тоскоол болобуз.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов белгилегендей кландык башкарууну, жеке кызыкчылыкты көздөгөн өлкөдө мындай өнөкөт өзгөчө күч алат.

Ал эми Тарых илиминин доктору Ташын Кененсариев эл арасында камыр-жумур мамиле күчөсө, өлкөдө базар экономикасынын эрежеси бекем орноп, коом алдыга өнүксө бара-бара уруучулукка тиешелүү мындай терс көрүнүштөрдөн арылабыз дейт. Ошону менен катар
профессор Т.Кененсариев өз доорунда уруучулуктун да жакшы касиеттери болгонун
кошумчалайт:

-Мындан 100 жыл мурда эле көчмөн турмушта жашап, ошондогу жашоо образы дагы эле эсинен кете элек да. Ошондуктан азыркы турмушта урууну билгендиги сакталып келе жатат деп ойлойм да. Бул эми мындай алып караганда өтө деле жаман көрүнүш эмес, эми анын пайдалуу жактары да бар.

Айрым саясатчылар шайлоо учурунда бөлүнүп жарылуучулукту мыйзамдын чийкилигинен көрүшөт. Алар шайлоо партиялык тизме менен өтсө эл ичиндеги бөлүнүүчүлүккө кандайдыр бир деңгээлде бөгөт коюлмак дешет. Бирок Кыргызстанда андай система азырынча калыптана элек.
XS
SM
MD
LG