Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Борбор Азиядагы уран калдыктарынын коопсуздугу Вашингтондо талкууланды


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Болотбек Айдаралиев уран калдыктары боюнча жетектөөчү комитеттин Вашингтондо өткөн жыйынында Кыргызстандын аймагындагы радиоактивдүү уулу заттар сакталган жайлар тууралуу толук маалымат бергенди. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жетектөөчү комитеттин кеңешмесин АКШнын энергетика министрлиги, Ливермол улуттук академиясы жана АКШдагы Өзбекстандын элчилиги уюштурган.

Кеңешмеде Борборазиянын уран калдыктарынын техникалык аспектилери боюнча маселе каралып, ага Борборазиянын, АКШнын, Евробиримдиктин жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Жалалабад облусундагы Сумсар, Шакафдар айылдарына жакын жайгашкан уулу заттардын калдыктары сакталган жайларды коопсуз жагдайда сактоо тууралуу маселе көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG