Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бийликке ыктаган «Слово Кыргызстана» жана «Вечерний Бишкек» гезиттерин сотко бермей болду. Булардан тышкары КТР менен КООРТ телерадиокомпанияларын жана «Агым» гезитин кечирим суроого чакырууда. Акыйкатчы бүгүн уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады.

Мындай демилгенин пайда болушуна өткөн апта этегинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында акыйкатчынын эки жылда жасаган иштери үчүн берген отчёту себеп болду.

Белгилеп койчу жагдай - депутаттар шайлоо участокторунда иштөө үчүн тараар алдында акыйкатчынын орун басарларын шайлоого киришкен. Парламент ага чейин акыйкатчынын аталган баяндамасын угуп, талкуулап, көпчүлүк добуш менен канагаттандырарлык баа берген.

Турсунбай Бакир уулу ушул иш чаралар айрым гезиттерге ээлик кылган тараптардын жана мамлекеттик айрым кызматкерлердин каалоосуна ылайыкталып, каралоо максатында калыс эмес чагылдырылган деп эсептейт. Ошондуктан, ал жума күнү «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттерин сотко бермекчи. Мындан тышкары КТР, КООРТ телекомпанияларын, «Агым» гезитин кечирим суроого чакырууда.

Бакир уулунун айтымында, аталган маалымат каражаттарында акыйкатчынын кадр саясатына, орун басарларын шайлоого, кызматтык батирине, арыз-даттануулардын чечилиш деңгээлине, каражаттарды чыгымдоого байланыштуу жалган маалыматтар таратылган.


- Баяндамамдагы маалыматтар туура эмес берилген. 14 миң адам кайрылса, анын ичинен 280 эле адамдын укугун коргоду деген маалыматты Улуттук телерадио корпорациясынан уктум, - деп түшүндүрдү Т.Бакир уулу сотко кайрылуу себебин, - Кээ бир гезиттер да ушинтип жазышыптыр. Жогорку Кеңеште үч жолу жооп бердим: ар бир үчүнчү арыз оң чечилди деп. Экинчи маалымат: канча акча түшкөнүн акыйкатчы билбей койду, акчаны жеп салдыбы дейт. Үч жолу жооп бергем.

"Дагы жооп берейин", - деп сөзүн улады Т.Бакир уулу:

-ЕККУдан 60 мин евро биринчи алганбыз. Ага үстөл, компьютер, телефон, таштандылар үчүн чакадан өйдө алганбыз. ПРООНдон 140 миң долларга техникалык кредит алганбыз… Бул акчага мен эмес ПРООН кожоюн болгон. Мамлекеттен болсо 8 млн. сомго жакын акча алганбыз. Батир боюнча. Батир меники эмес, кызматтыкы… Мен аны менчиктештирген жокмун. Массалык маалымат каражаттары ушундай маалымат берип салышты.


Турсунбай Бакир уулу азыр моралдык жана материалдык чыгымдардын эсебин чыгара элек. Чыгымды эсептөөдө гезит нускаларынын санын эске алат. Сотто жеңсе, белгиленген каражатты балдар, аялдар түрмөлөрүнүн абалын жакшыртууга жумшоо ою бар.

Бирок «Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редактору Александр Малеваныйды Турсунбай Бакир уулунун сот аркылуу териштиргиси келип жаткан дооматтары ынандырбайт:

- Башка кылаар кызматы жок болсо соттошо берсин. Башка эмне дейбиз? Бардык маалыматтар анын парламенттеги баяндамасынан алынган… ПРООНдон, ЕККУдан канча гранттарды алганы тууралуу келтирилген маалыматтар «Агымдан» алынган.

«Вечерний Бишкек» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Сергей Степанов болсо
«сотко бергиси келсе акыйктачынын өз эрки» дейт, бирок акыйкатчынын гезитке макала кандайдыр бир тапшырмага ылайык жазылды деген дооматына макул эмес
:

- Кайдагы заказ? Анын сөзүн телеберүүдөн көрсөтүп жатышат, бардыгы көз алдыда турат. Репортаждар бар.

Турсунбай Бакир уулу президенттин наамына кат жолдоду. Анда айрым бийлик структуралары, мамлекеттик кээ бир кызматчылар жана аларга баш ийген маалымат каражаттары акыйкатчыны атайылап каралап жатат, бул жеке эле акыйкатчынын эмес, мамлекеттин аброюна да доо кетирет деп белгиленген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG