Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

АКЦИЗ САЛЫГЫНА АРТЫЛГАН ҮМҮТ АКТАЛА ЭЛЕК


Өкмөт салык чогултууну жакшыртуу, «көмүскө экономиканы» коңулдан чыгаруу, аткезчиликке чек коюу амалында 2003-жылы күйүүчү майлардан алынчу акциз салыгын азайткан. Бул иш-чара сырттан товар ташып келүүнүн арбышына, салык жыйноонун көбөйүшүнө алып келмек, өтүмдүү товарларды чек арадан жашыруун ташып өтүүнү азайтмак.

Өкмөт 2003-жылы сырттан ташылып келчү бензиндин бир тоннасынан алынчу 3000 сом акциз салыгын 1500 сомго түшүрүп, дизел күйүүчү майына делинген 800 сомду 500 сомго азайткан. Бул өз кезегинде импорт көлөмүнүн көбөйүшүнө, салык чогултуунун арбышына алып келмек. Иш жүзүндө импорттон алынчу жыйымдар акциз салыгы азайтылгандан кийин бир жыл ичинде 25% жогорулады. Анын себеби импорттон түшчү салыктардын көбөйүшүнө, өндүрүштүн кеңейишине байланыштуу түшүндүрүлүп келатат.

Бирок ошол учурда өтүмдүү делген айрым товарлардын, мисалы, спирт ичимдиктеринин акциз салыгынын азайтылышы азырынча күткөн натыйжаны бере элек. Айтса, арактан алынчу акциз салыгы азайтылып, ферменттелген тамеки менен чийки мунайдан акциздин алынып салынышы деле жагдайды жакшы жагына оодарып жиберген жок. Аны кийинки үч жыл ичинде акцизден алынган салыктардын жыл санап азайып баратканы деле айтып туру.

Маселен, акцизден 2001-жылы 1 миллиарддан ашуун сом салык жыйналып, ал ички дүң продуктка карата 1,5% катышты түзсө, кийинки жылы көрсөткүч дагы төмөнгө кетти. Өкмөт илгери үмүт арткан акциз салыгынын азайтылышынын эсесин айрым жергиликтүү салыктардын көбөйүшү, милдеттүү патент системасынын киргизилиши, чакан ишканалардан салык чогултуунун жөнөкөй системасын жайылтуу, дегеле бул жаатта бекем тартиптин киргизилиши жаап кетти. Экономикалык жеңилдикке жетишкен спирт, мунай продукциясын саткандар салыкты арбын төгүп, казынаны акчага маарытып жиберген жери жок.

Өткөөл мезгил экономикасына мүнөздүү бу жагдай экинчи жагынан коррупция, «көмүскө экономикадан» улам жаралып атканы деле жашыруун эмес. Бүгүнкү турмуштагы алдагыдай парадоксалдуу көрүнүштүн тамыры барып-келип коррупция менен «көмүскө экономикага» байланышып кетээрин өкмөт деле ачык айтып келатат.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бул жерде эки тараптын - экономикалык реформа жүргүзүү ниетиндеги мамлекет менен калк ортосунда өз ара түшүнүү болуусу керек:

- Сөздүн кеңири маанисинде жөнөкөй адам, катардагы ишкер, жөнеле атуул эгер реформалардын түпкү маани-маңызын жакшы түшүнбөсө иштин натыйжасы болбойт. Ар бир адам, мен бул жерде карапайым адамды айтып отурам, жөнөкөй сөз менен түшүнүктүү маалымат алмайын биз натыйжалуу реформа жүргүзө албайбыз. Көптөгөн тарапкерлерди таппай эч нерсе жасай албайбыз.

Өкмөт башчы орунбасарынын кеңешчиси Нурдин Жаманкулов ушу тапта салык механизмдерин натыйжалуу жөндөп турчу ыкмалар иштелип чыга элек деген пикирде:

- Ачык айтканда, азыр биз салык механизмдерин жөнгө салууга ээ боло элекпиз. Эларалык каржы уюмдары менен макулдашпай салык өлчөмдөрүн азайта албайбыз. Өзүбүз билип убактылуу салыктан бошотуу мүмкүнчүлүгүнө жете элекпиз.

Иши кылып, салык төлөөчүлөр менен салык чогултуучулардын ортосунда азырынча ийкем мамиле орной элек. Сырттан ташылып келчү өтүмдүү товарлардан алынчу акциз салыгынын азайтылышы күткөн натыйжаны бере элек.
XS
SM
MD
LG