Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Орусия менен Куба терроризмди айыпташты


Орусия менен Кубанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров жана Филип Перес Роке терроризмдин баардык көрүнүштөрүн айыпташат. Бул тууралуу алар кечээ Кубанын баш калаасы Гаванада өткөн жолугушууда билдиришти. Муну менен Лавров өткөн аптада Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясында айткандарын тастыктагандай болду.

- Билдирүү Улуттар уюмунун терроризмге каршы күрөштү жүргүзүүдөгү механизмдерин бекемдейт. Ошондой эле, ага кошулуу менен Куба Орусия тарабынан көтөрүлүп жаткан маселени колдоого алаарын айгинилейт. Бул маселе өзөктүк курал террорчулугунун алдын алуу боюнча келишим кабыл алуу зарылдыгын шарттады, - деди Орусиянын тышкы иштер министри.

Министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, Улуттар уюму жана эларалык укук нормалары улуттар аралык араздашууларды чечүүнүн жана дүйнөдө коопсуздукту камсыз кылуунун негизги ачкычы болуп бере алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG