Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Барымтадагы британиялык атуул Т.Блэрди айыптады


Дале барымтада калып жаткан британиялык Кеннет Бигли бүгүн арап тилинде чыгуучу “ал-Жазира” каналы аркылуу көрсөтүлдү. Тасмада Бигли Британиянын премьер-министри Тони Блерге барымтачылардын талабын аткарып, аны куткаруу өтүнүчүн айтты. Программанын алып баруучусу кийин кабарлагандай, Бигли “премьер-министрди өз атуулун куткаруу аракеттерин көрбөй жатат” деп айыптады.

Кеннет Бигли эки америкалык атуул менен брге барымтага алынган эле. Куралчандар америкалыктарды өлтүрүшкөн жана “эгерде алардын талабы аткарылбаса”, британиялык адамдын да башы алынаарын айтышкан. Алардын талабына ылайык, Ирактын түрмөлөрүндөгү аялдар бошотулушу зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG