Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Иракта кырдаал дале курч


Ирактын ички иштер министрлиги бүгүн Багдатта америкалык аскерлер менен көтөрүлүшчүлөр ортосунда кагылышуу болгонун маалымдады.

Мосул шаарында кечээ түнү машиненин жарылуусунан алты америкалык солдат жана эки ирактык тургун жарадар болушту.

Ал эми Украинанын коргоо министрлиги бүгүн Иракта жол кырсыгынан украиналык аскерий чиновник өлүп, анын жанындагы эки адам жарадар болушканын кабарлады.

Ирактагы кырдал начарлай түшкөнүн эске алган өлкөнүн убактылуу тышкы иштер министри Иракты калыбына келтирүү ишин талкуулоо жана январга белгиленген шайлоону өткөрүү боюнча ушул ноябрда Египетте эл аралык конференция өтөөрүн айтты.
Хошияр Зибаринин айтымында конференция 22-ноябрдан жыйырма төртүнө чейин улантылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG