Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Менчик компания тарабынан курулган кеме экинчи жолу космоско учурулду


Кечээ күнү АКШда жеке менчик компаниялар тарабынан курулган космос кемеси экинчи жолу космоско учурулду. Калифорния штатынын үстүнөн "СпейсШипВан" деген кеменин ракеталары аны 15 чакырым бийиктикке алып чыккан учактын үстүнөн иштей баштап, кемени жер үстүнөн 100 чакырымга көтөрдү жана аны түштүк африкалык Майкл Мелвилл башкарды. Биринчи жолу кеме үстүбүздөгү жылдын июнунда учурулган жана келерки дүйшөмбү күнү дагы бир жолу учурулса, аны чыгаргандар 10 миллион доллар сыйлык алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG