Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРГӨ ЖЕР БЕРИЛГЕНБИ? ПРЕЗИДЕНТ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО БАРАБЫ? ӨЛКӨНҮН 99 БАЙЫ КИМДЕР?


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы өлкөнүн билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу макалага орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы коопсуздук кызматкерлери тарабынан радиоактивдүү плутоний затын сатууну көздөгөн атуул кармалганын кабарлады.

29-сентябрда жарык көргөн «KG-Рух» басылмасында баяндамачы Эркин Мураталынын жакынкы күндө кандай саясий окуялар болушу күтүлөөрүн баяндаган макаласы жарык көрдү. Мында «Президент Аскар Акаев парламенттик шайлоого барат, анын командасы көпчүлүк добуш менен парламенттин 65 пайызын ээлейт. Анан алар келээрки жылы өлкөнү парламенттик мамлекет деп атоо жөнүндөгү сунушту жалпы элдик добушка коюп, өткөрүп алышат. Келээрки президентти жаңы парламенттин мүчөлөрү шайлап, өлкө парламенттик республика болуп, президент Англиянын канышасындай статуска ээ болот» деп баяндайт Эркин Мураталы.

Ушул эле басылма Борбор Азия өлкө башчыларынын кимиси бай экендигин да маалымдады. Эң байы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 8 млрд. доллары бар дешет. Андан кийинки орун Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов, үчүнчү орунда Өзбек президенти Ислам Каримов. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевди 4-орунда, анын байлыгы 4,5 млн. долларга барабар дешет аналитиктер. Ошондой эле «KG-Рух» басылмасы Кыргызстандын 99 бай адамынын тизмесин да жарыялады.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси өлкөдөгү 20 миң 45 орто мектепте 1 миллион 15 миң окуучу билим алып жаткандыгын, аларга таалим-тарбия берүүдө 70 миңден ашуун мугалим эмгектенгенин маалымдайт. “126 мектепте окуу үч сменада өткөрүлүп, класстык бөлмөлөр жана окуу куралдары жетишсиз. Мугалимдердин айлык акылары 800 сомду түзгөндүктөн, өлкө боюнча 3 миң 80 мугалим жетишпейт. Ал эми коңшу Казакстанда мугалимдердин орточо айлыгы 6 миңден 12 миң сомго барабар” деп жазат кабарчы Махинур Ниязова.

Ушул тиркеменин кабарчысы Антон Забайкальский «өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери радиоактивдүү плутоний-239 элементи бар үч жашик жабдууларды сатууга аракет кылган адамды колго түшүргөнүн» маалымдайт.

Бул темага 29-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы да кайрылып, ушул радиоактивдүү плутонийди жардыруучу бомба үчүн колдонууга болоорун, сатуучу-фермер аны 3 миң долларга баалаганын, аны картөшкө сактоочу кампада сактап келгенин, бул затты сактоо да өмүргө коркунучтуу экендигин кабарчы Эрлан Сатыбеков баяндайт.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева “көлдүн жээгиндеги жерлер чет өлкөлүктөргө сатылган жок” дейт. Ошондой эле Ысыккөлдү коргоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү жаңы мыйзамдын автору Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каныметов менен Ысыккөлдүн жаратылышы, айыл чарбасын, өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүү багытындагы маек жарыяланды.

Өткөн жылы кабыл алынган “Кыргызстандын үй-бүлөлүк кодексиндеги” нике келишими жөнүндөгү түшүнүк мыйзамга карама-каршы келээрин кабарчы Асел Шербото талдоого алат.

Басылманын баяндамачысы Сыргак Абдылдаев “Полковник Чыныбек Алиевдин каталыгы же кол салуунун божомолдору” деген темада ушул окуянын себептерин талдоого аракет кылат.

“Кыргызстан-тейлөө кызматынын аймагына айланышы мүмкүн, буга өлкөнүн географиялык жайгашуусу ыңгай түзөт” дейт «Общественный рейтинг» жумалыгынын баяндамачысы Мурат Сүйүнбаев.

1-октябрда басууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» жумалыгы өлкөнүн экинчи борбору Ош шаарынын көйгөйлөрү тууралуу макалалардын түрмөгүн жарыялаганы турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG