Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

КОШМО ШТАТТАРЫ ЯДРОЛУК ЧАБУУЛДУН КОРКУНУЧУНДА


АКШ президенти Ж.Буш Ирактагы согуш – жалпы антитеррордук кампаниянын алдыңкы бөлүгү деп кайталап келатат. Ноябрдагы президенттик шайлоо жакындаган сайын Жорж Буш Америка элин жаңы чабуулдардан өзүнүн атаандашы Жон Керриге караганда мыкты коргой аларын да айта баштады. Анын оппоненттери болсо, Ирактагы согуш Американы мурдагыдан да кыйла кооптуу өлкөгө айландырды деген пикирде.

Президенттик шайлоо жакындап калганда Америкадагы башкы атаандаш партиялар – демократтар менен республикачылардын билдирүүлөрү мурдагыдан да курч мүнөзгө өттү. Ушул аптада АКШлык ардагер сенатор, демократтардын жетекчилеринин бири Тед Кеннеди Америка азыр террорчулардын гана эмес, ядролук чабуулдун коркунучуна кабылды деп билдирди:

- Баарынан коркунучтуусу - алдыдагы күндөрдө, апталарда же айларда биз ядролук кол салууга туш болушубуз мүмкүн. Жалгыз үмүт – эми ошол коркунучту алдын-алууга кечикпесек болду. Ирактагы согуш андай коркунучту азайтмак тургай, тескерисинче күчөттү, ал эч убакта болбошу керек эле.

Жорж Вашингтон университетинде сүйлөгөн сенатор Кеннеди президент Буштун саясатынын Американы ушундай кооптуу акыбалга алып келген 13 кесепетин тизмелеп санап берди. Алардын арасында мусулмандар арасында жек көрүү сезиминин жайылышы, андан улам "Ал-Каида" сыяктуу уюмдарга жаштардын тартылышы, Америкадан эски өнөктөштөр оолактай баштаганы, Ирак менен Ооганстанда АКШ аскерлерин ыксыз пайдалануу, ушундай иш-аракеттерден улам Осама бин Ладен жана анын жан-жөкөрлөрүн кармоодон алаксып четтөө сыяктуу көрүнүштөр аталды. Аягында ал Буштун саясатынын эң башкы кесепети катары буларды белгиледи:

- Президент Буш Ирактагы согуш менен алпурушуп жаткан чакта, Түндүк Корея менен Ирандын ядролук коркунучу күндөн күнгө өсүп барат, - деди сенатор Тед Кеннеди.

Эксперттер демократтардын Сенаттагы лидеринин айткандары эң ириде ноябрдагы шайлоо алдында Жорж Бушту жаманаттылап, өз партиясынан талапкер Жон Керриге упай алып берүү максатын көздөгөнү менен, сенатор Кеннединин сөздөрүндө да жүйөө бар экенин белгилешет.

Вашингтондогу коргонуу жана тышкы саясатты изилдөөгө адистешкен Като институтунун вице-президенти Тед Гален Карпентер Ирактагы согуш президент Буштун командасын Осама бин Ладенди жана анын шакирттерин тузакка илүү ишинен балким алаксыткандыр, бирок ал Иран менен Түндүк Кореянын ядролук пландарынан оолактаткан жок деп эсептейт.

Карпентер андан көрө Ирактагы согуш Иран менен Түндүк Кореянын ядролук дымагын күчөттү деген пикирде. Ал Тегеран менен Пхеньян дүйнөдөгү таасирин, региондогу ролун арттыруудан мурда өз элин Ирактагыдай согуштан коргош үчүн кооптуу курал жасоого жанталашып жатканын айтат.

Бирок аларды мындай аракеттерге, ал аркылуу Американы жаңы коркунучтарга кептеген азыркы президент Буштун гана эмес, "кансыз согуш" аяктагандан бери бардык АКШ жетекчилерм жүргүзгөн саясаттын саркындысы, деп белгилейт Вашингтондук аналитик:

- Иран жана Түндүк Корея АКШнын "кансыз согуш" аяктагандан бери жүргүзгөн саясатын көрүп турбайбы. Андан бери биз Сербия, Иракты кошкондо тогуз мамлекетте куралдын күчүн колдондук. Анан алар Америка биздин өлкөдөгү да бийликти алмаштыргысы келсе, андан бизди коргой турган жалгыз кепилдик – ушул ядролук курал боло алат деп ойлобой койбойт.

Вашингтондук аналитик Карпентер демократтардын президент Буштун саясаты Американы мурдагыдан да кооптуу аймакка айландырды деп айткандарына каршы эмес. Бирок андай абал үчүн жалгыз азыркы бийлик эмес, Советтер Союзу кулагандан бери АКШны башкарган бардык жетекчилердин саясаты күнөөлүү деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG