Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

ЕККУ ЖЫЙЫНЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛОТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 4-октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укугуна байланыштуу эки аптага созулган жылдык жыйыны өткөрүлөт. Ага Кыргызстандан 30га жакын укук коргоочулар катышып, өлкөдөгү адам укугунун абалы туурасында маалымат беришмекчи.

ЕККУнун бул жолку жыйыны 4-октябрдан он алтынчы октябрга чейин Варшава шаарында өткөрүлөт. Ага уюмга мүчө элүүдөн ашуун мамлекеттердин укук коргоочулары катышат. Отурумда уюмга мүчө өлкөлөрдөгү массалык маалымат каражаттарынын жана адам укуктарынын абалы, шайлоо, адам аткезчилиги, улуттар аралык мамиле, атуулдардын эркин жыйын куруп, пикет, митингдерди өткөрүүгө болгон укуктарынын сакталышы сыяктуу, баш-аягы ондон ашуун маселелер каралат.

Белгилей кетүүчү нерсе, кадыр-барктуу уюмдун жылдык жыйынына Кыргызстандан ар түрдүү көз караштагы, тагыраак айтканда, өкмөтчүл, эркин жана оппозициячыл маанайдагы, баары болуп отуздан ашуун укук коргоочулар катышып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат беришээри күтүлүүдө.

Маселен, ЕККУнун 2003-жылы өткөрүлгөн жыйынына катышып келген «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдарсулова Кыргызстанда адамдардын эркин митинг, пикеттерди өткөрүшүнө аткаруу бийлиги тарабынан жасалган тоскоолдуктар жыл бою иликтелген. Анын айтымында, соңку жылдын аралыгында Бишкекте 72 жолу ар кандай митинг, пикеттер өткөрүлгөн. "Алардын баарына тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уруксат бербей, пикетчилер ар тараптуу кысымга алынышты. Мен жыйында мына ошол иликтөөмдүн жыйынтыгы тууралуу дүйнө коомчулугуна маалымат берем," дейт Азиза Абдрасулова:

- Аткаруу бийлиги жарандардын тынч жол менен пикет өткөрүшүнө ар дайым уруксат бербей келет. Ошондой эле пикетке чыккандар тартип коргоо органдары тарабынан кармалышып, аларга айыппул салынып, ар кандай зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу жетишээрлик маалыматтар бар. Бул өз мезгилинде жарандардын Конституциялык укугун басмырлоо менен барабар.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жогорудагыдай маалыматын «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» ассоциациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева «Кыргызстанда адам укуктарынын жана массалык маалымат каражаттарынын абалы жакшы» деп жокко чыгарат.

Токтайым Үмөталиева ЕККУнун жыйынына катышып, Шайлоо кодексине мындан бир нече күн илгери киргизилген өзгөртүүгө каршы сөз сүйлөөрүн кошумчалады. Анын айтымында, добуш берүүнүн алдында шайлоочунун баш бармагына көрүнбөгөн суюктук чачуу атуулдардын кадыр-баркын төмөндөтүү менен барабар:

- Бул атуулдардын кадыр-баркын төмөңдөтөт. Биз эмне, колго белги койгудай мал белек.

Токтайым Үмөталиеванын жогорудагыдай пикирине ЕККУнун жыйынына барып, сөз сүйлөй турган «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов макул эмес:

- Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизүү өзгөчө маанилүү чечим. Муну биз эле эмес, эл аралык коомчулук да колдоого алышы керек.

Эске сала кетүүчү нерсе, мындан бир нече күн илгери Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизилген. Жаңы өзгөртүүгө ылайык добуш берүүгө кирүүнүн алдында ар бир шайлоочунун баш бармагына атайын аппарат менен жарык кылганда гана көрүнө турган белги коюe эрежеси кабыл алынып, мыйзам долбоору мамлекет башчы Аскар Акаеге жөнөтүлгөн.

Аталган өзгөртүүнүн авторлорунун айтымында, Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизүү шайлоо күнү айрыкча, шаар жерлеринде бир адамдын бир нече жолу кайталап добуш беришине бөгөт коючу бирден бир механизм.

Мындай эрежени кабыл алууга Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкмөтчүл маанайдагы депутаттар жана айрым бейөкмөт уюмдар караманча-каршы болушууда. Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мындай мыйзам мамлекет башчы кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Ал эми бул мыйзамга президент Аскар Акаев кол коёбу же жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG