Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:48
БИШКЕК. 30-сентябрда Иран ислам республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны “Манас” абамайданынан премьер-министр Николай Танаев тосуп алды.

Алар Өкмөт үйүндө эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык багыттагы маселелерди талкуулашты. Эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча пикир алышуулар болду.

Иран тарап Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга жана жогорку Нарын каскадынын курулушуна инвестиция бөлө турган болду. Ошондой эле Бишкекте Ирандын “Маскян” банкынын филиалын түзүү маселеси каралды.

Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйыныны боюнча жана энергетика, саламаттык сактоо тармагы багытында меморандумга кол коюлду. Туризм жана маданий мурастар боюнча кабыл алынган 2004-2006-жылдарда программаны ишке ашыруу каралды.

Мухаммад Реза Ареф Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профессордук, окутуучулук жамааты менен жолугушуп, ага окуу жайдын "ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

1-октябрда Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф мамлекет башчысы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палаталарынын төрагалары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Иран менен Кыргызстандын дипломатиялык байланышы 1992-жылы май айында түзүлгөн. Эки өлкө ортосунда 70ге жакын келишимдер, меморандум, биргелешкен декларациялар кабыл алынган.

Сүрөттө: Мухаммад Реза Ареф.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG