Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Коммерциялык космос кемесин сыноо ийгиликтүү өттү


Космоско учкан америкалык ракета Калифорниядагы чөлгө конду. Космос мейкиндигинде бир жарым саатча болгон ракета 100 километрге чейин көтөрүлгөн. Аны башкарган учкуч Майкл Мелвилл жерге конгондон кийин өз ойлору тууралуу буларды билдирди:

- Мен космосто эмне көргөнүмдү сөз менен айтып жеткире албасам керек. Узакка учуп кеткенибизде мен ал жактан жердин көрүнүшүн тасмага тартып калганга аракет кылдым. Космосто чексиз мейкиндик, капкараңгы туңгуюк гана көрүнөт экен. Бул, чынында эле, толкундантат.

Космос кемеси ушул тапта жүргүзүлүп жаткан конкурстун алкагында биринчи жолу асманга көтөрүлдү. Эгерде 4-октябрда ал экинчи ирет дагы космоско учуп, ийгиликтүү жерге консо 10 млн. доллардык байгени утуп алат. Бул конкурс космоско коммерциялык максатта учуруу ишин калыптандыруу алкагында өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк соңку кабарларды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG