Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Ооганстанда НАТОнун аскерлерине кол салынды


Өткөн түнү НАТО баштаган коопсуздук күчтөрүнүн курамындагы төрт адам Ооганстандын Кундуз шаарында ракета чабуулунан жарадар болду. Ал жерде германиялык аскерлер жайгашкан эле. Эл аралык жардам уюмунун өкүлү бүгүн Кабулда айткандай, аскерлер отурукташкан жерге эки ракета тийген.

Бул кабар президенттик шайлоого эки жумадан азыраак мезгил калган убакта айтылды. Козголоңчулар шайлоону үзгүлтүккө учуратууга сөз беришкен. Былтыркы жылдын августунан бери Ооганстанда түрдүү чабуулдардан миңден ашуун адам каза тапты. Аларга жоопкерчиликти талибдер менен “ал-Каида” уюмуна жүктөп жатышат.

XS
SM
MD
LG