Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Британия барымтачылар менен сүйлөшүүгө даяр


Бүгүн америкалык аскерлер Фаллужа шаарындагы козголоңчуларга каршы дагы бир жолу абадан сокку урушту. Жергиликтүү дарыгерлер билдиришкендей, андан үч адам өлүп, алтоосу жарадар болду. Аскерлер чабуулду “ал-Каида” менен байланышы бар деп айыпталып жаткан иорданиялык экстремист Абу-Мусаб аз-Заркавини жок кылуу максатында жасашканын айтышты.

Заркави жетектеген козголоңчулар тобу көптөгөн чабуулдар жана барымта окуялары үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал топ эми барымтага алынган британиялык атуул Кеннет Биглини да өлтүрөөрүн айтууда.

Британиянын премьер-министри Тони Блэр шаршембиде билдиргендей, анын өкмөтү барымтачылар менен сүйлөшүүнүн жолдорун издеп жатат:

- Барымтачылар биз менен такыр сүйлөшүү аракетин көрбөй жатышкандыктан, биз алар менен байланышка чыга албай жатабыз. Эгерде алар биз менен сүйлөшүүгө чыгышканда, биз аларга албетте жооп бермекпиз.

XS
SM
MD
LG