Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Британиянын Жумушчу партиясы аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүгө каршы


Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин Жумушчу партиясы кечээ күнү Ирак маселесин талкуулап, британиялык аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүгө каршы добуш берди. Лондонго келген Ирактын премьер-министри Айяд Аллави эл аралык коалицияга алкышын айтты:

- Эл аралык күчтөрдүн жетекчилигине мен ыраазычылыгымды билдирем. Алар канча керек болсо Иракта ошончо убакытка калууга убада берди. Бул абдан кайраттуу убада. Аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүү террорчулардын пайдасына гана болмок.

Мындан бир апта мурда Иракта барымтага алынган британиялык жаран Кеннет Биглинин тагдыры азырынча белгисиз, аны туткунга алгандар - Ирактын абактарында кармалган аялдардын баарын бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG