Кечээ күнү Ирактын борбору Багдад шаарында үч бомба жарылгандан кеминде 46 адам өлүп, дагы эки жүздөй киши жараат алды. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү жаш балдар, жардыруулар үчүн жоопкерчиликти Абу Мусаб ал-Заркави аттуу йорданиялык адам менен байланышкан куралдуу топ өзүнө алды. Бирок ал тууралуу жарыя интернет аркылуу жасалгандыктан, анын канчалык чын экенин так айтуу кыйын. Заркави Усама бин Ладендин "ал-Каида" уюмунда экинчи адам болуп эсептелинет жана анын башы үчүн АКШ 25 миллион доллар сайган. Америкалык аскерлер түндө Самарра шаарына ири чабуул баштады.