Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:17

Орус президенти Владимир Путин Мамлекеттик думага өлкөдө аткаруу бийлигин чыңдоону караган мыйзамды сунуш кылды. Ага ылайык президентке губернаторлорду кызматтан алууга укук берилет. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, мыйзам террорго каршы күрөшүү үчүн зарыл, бирок ага каршы болгондордун айтымында, бул Орусиядагы ансыз деле алсыз демократия жок кылынаарын каңкуулап турат.

Президент Путин сунуш кылган мыйзам боюнча Орусияда буга чейин тажырыйбаланып келгендей, облустардын губернаторлорун жалпы эл тарабынан шайлоо тартиби токтотулат. Ошондой эле Мамлекеттик думага да бир манданттуу округдар боюнча шайлоо жоюлуп, шайлоо толугу менен партиялык тизме менен жүрмөкчү. Азыркы Думадагы депутаттардын жарымын партиялык тизме боюнча, жарымын бир мандаттуу округдардан келгендер түзөт.

Президенттик администрация башчысынын орун басары Владислав Сурковдун түшүндүрмөсүнө караганда, жогорудагыдай өзгөрүүлөр террор коркунучуна кабылган өлкөдө биримдикти чыңдоо, эл менен башкаруучулар ортосундагы байланышты бекемдөө үчүн керек. Кремль ошондой эле губернаторлордун президенттин алдында тикелей жоопкер болушу менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги, алардын арасындагы коррупция токтойт деген ойдо.

Өкмөтчүл "Единная Россия" партиясы үстөмдүк кылган Дума эми президенттин сунуштарын жактырары күтүлүүдө, бирок айрым сын–пикирлер да айтылып жатат. Сын айткандардын көз карашында, сунуш кылынган өзгөртүүлөр Конституцияга, өлкөнүн федеративдик түзүлүшүнө каршы келет, коррупцияны күчөтөт, постсоветтик доордун демократиялык жетишкендиктерин жок кылат.

Мамлекеттик думанын депутаты, президенттикке талапкер болгон Сергей Глазьев "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна мындай деди:

- Бул мыйзам ачык эле федеративдүү өлкөнүн конституциялык принциптерин, чөлкөмдүк башкаруучуларды шайлай аларыбыз жөнүндөгү демократиялык принципти бузат. Ал кабыл алынса, жоопкерсиздиктин, коррупциянын күчөшүнө алып келет. Кабыл алынганга чейин жер-жерлерде кеңири талкуулоо зарыл. Күчтүү бийлик тескерисинче эл аркылуу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аркылуу бекемделет. Өкмөттү жакшыртуу, коррупциядан тазалоо үчүн коомдук көзөмөл системасы киргизилиши керек. Өкмөттү ачык, жоопкер кылуу зарыл. Адамзат өкмөткө жоопкерсиз, компетентсиз адамдарды жолотпоо үчүн шайлоодон башка системаны таба элек. Бийликтин ишин эл гана калыс баалай алат.

Мамлекеттик думага берилген мыйзам боюнча губернаторлукка талапкерди Кыргызстандагыдай эле президент сунуштап, андан соң маселе жергиликтүү кеңеште каралыш керек. Эгер жергиликтүү депуттаттар президенттин сунушун кабыл албай койсо, ал ошол эле адамды кайра көргөзөт же башканы тандайт. Эгер сунуш кайра да четке кагылса, президент губернатордун милдетин аткаруучуну дайындап, жергиликтүү кеңешти таратууга укуктуу.

Орусиянын азыр күчүндөгү мыйзамы боюнча бир адам беш жылдык мөөнөт менен губернаторлукка эки ирээт гана шайлана алат. Бирок жаңы мыйзамда кандайдыр бир мөөнөт белгиленген эмес. Мамлекеттик думадагы көз карандысыз депутат Николай Рыжков:

- Чөлкөмдөрдөгү адамдар эмнени алат. Алардан губернаторлорду шайлоо укугун адепсиздик менен тартып алышууда. Алар чөлкөмдөрдү мөөнөтсүз башкаруучу жана талап-тоноочу төрөлөрдү алышат, кандайдыр бир таасир көргөзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Буга да кошумча Кремлдин өкүлдөрү түшүндүрүп жаткандай, ошол төрөлөргө өз чөлкөмдөрүндө федералдык мекемелердин ишин координациялоо укугу берилет. Натыйжада эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөн, мөөнөтсүз, толугу менен коррупцияланган бийлик болот. Бул "укмуштуу" реформанын аркасында Орусиянын эли ала тургандар ушулар.

Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Владислав Сурков сунуш кылынган система өтө мыкты эмес экенин моюнга алат. Бирок ал күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр Орусиядагы демократияга сокку урат дегендер менен макул эмес. Сурков белгилегендей, демократиялык системалар бири экинчисинен өзгөчөлөнөт жана Орусия башкаларды туурай беришинин кажети жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG