Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

ПОЛКОВНИКТИН ӨЛҮМҮ, КӨЛ САТЫЛБАЙТ, ШАЙЛОО КАМЫЛГАСЫ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында саясий-экономикалык темадагы макалалар арбын жарыяланды. Ушу тапта жергиликтүү кеңештерге шайлоо даярдыгы кызуу жүрүүдө. Талапкерлердин арасынан татыктуусун тандоо өтөле жооптуу иш экени айтылууда. Кийинки кездердеги чуулгандуу кылмыш иштеринин бети ачыла баштагандыгын айрым гезиттер маалымдашты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү «Дасмия» туристтик фирмасынын жетекчиси Динара Мамашеваны атып өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерин кармоо аракетин жасашканын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. Кармоо учурунда шектелген адам өз жанын өзү кыйган. Кылмыш ишине байланышкан көп маселелер ачылбай калды. Шектүү делинип дагы эки киши кармалды, деп кабарлайт гезит кабарчысы Асел Оторбаева.

Криминалдык темага бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити да токтолгон. Сыргак Абдылдаевдин «Полковник Алиевдин жаңылышытыгы» деген макаласында кызматтык кылмыштарды иликтеген таланттуу тергөөчүнү кошо иштешкендери сатып коюшу мүмкүн деген божомол айтылган. Чыныбек Алиевдин баскан-турганы душмандарына дайын болгон. Аны чогуу иштешкендердин бирөө, болгондо да милиция погонундагы саткын кабарлап турган, деп маалымдайт макала автору.

Президент А.Акаевдин АКШга иш сапары ийгиликтүү өткөнүн бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити кабарлады. Басылманын ырасташынча А.Акаев менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Элизабет Жоунстун кездешүү маалында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ишин жакшыртуу, эларалык уюмдар менен кызматташуу маселелери талкууланган.

Ушул эле гезитте Бишкек жылуулук борборунун жетекчиси Лев Васильевдин «Ким күнөөлүү, эмне кылуу керек?» деген аталышта маеги жарыяланган. Анын ырасташынча, «Электр станциялары» акционердик коомунун дебитор карызы 3 миллиард сомдон ашты. Анын себеби электр энергиясы менен жылуулук пайдалануучулардын акысын убагында төлөбөгөндүгүнө байланышат. Орусия менен Казакстанда электр акы карызын төлөбөгөндөр менен мамилесин үзүп коюшат, дейт Лев Васильев.

Криминал темасы жума күнкү «МСН» гезитинде да козголууда. Басылманын жаңы санында Александр Ким менен Юрий Груздовдун «Бороонду козуткандар кимдер?» деген макаласы жарыяланууда. Анда чектен кармалган цезий уулуу металлынын чоо-жайы тууралуу кеп болот.

Сары өзөн Чүйдүн Жайыл районунун соту катаң өкүм чыгарганы да ушул эле авторлордун макаласында баяндалган. Президент А.Акаевдин элге кайрылуусунда айтылган милдеттердин көбү аткарылбай, убада сөз жүзүндө калып жатканы Вячеслав Тимирбаевдин макаласында козголгон.

«МСН» гезити аркылуу белгилүү саясий ишмер Жыпар Жекшеев шайлоочуларга кайрылган. Анын макаласы «Көзүңдү ач, ойлон!» деп аталат.

«Агым» гезитинде жарыяланган материалдар тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып берет:

- Экономика илим кандидаты Айылчы Сарыбаев менен маек, дүйнөлүк кабарлар, Мелис Эшимканов менен маектин уландысы, Бишкек менен Балыкчы шаарынын көйгөйлөрү тууралуу материалдар жарыяланууда. Мындан тышкары аял-эркек мамилеси, көп аял алуу тууралуу талаштын уландысы жарыяланууда.

«Аалам» гезитинде жарыяланып аткан материалдар тууралуу маалыматты башкы редактордун орунбасары Нарынкүл Назаралиевадан алдык:

- 1-октябрь – Карыларды эларалык коргоо күнүнө карата материал жарыяладык. Карылар проблемасын бир министрлик чече албастыгы тууралуу материал кетип атат. Маянасы аздыгынан мугалимдер чет элдик фирмаларга иштеп кетип жатышат. Бул тема да гезитте козголууда. Басылмада Токтогулда өткөн төкмө акындардын таймашы жөнүндө репортаж жарыяланууда.

Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Кален Сыдыкованын «Биз кыйкырбасак деле таң атып, кеч кирет», Орозбек Айтымбеттин «Улут жана кан» деген макалалары жарыяланды.

«Бишкек таймс» гезитинин жума күнкү санында Эмилбек Момуновдун «Депутаттар Акыйкатчынын ишине караганда акчасына көбүрөөк кызыкты», «Көк иномаркадагы киллер ким?» макаласы жарыяланууда. Киши өлтүрүүчүлөрдүн көк машинесин милиция кызматкерлери эмдигиче таба албай келатышат, деп маалымадайт макала автору.
XS
SM
MD
LG