Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ПИКИРИНДЕ, ЖЫШТЫКТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК САЯСАТ АКСАП ЖАТАТ


Өкмөт алдындагы байланыш боюнча агенттик 28-сентябрда лицензия берүү маселесин карады. Бул ирет мурдатан обого чыгып келаткан ондон ашуун телерадиокомпаниялардын радиожыштыктарды мындан ары пайдаланууга укук берүүчү лицензиясынын мөөнөтү 5 жылга узартылды. Бирок ошол эле убакта жаңы радиожыштыктарды алууну каалаган бир катар компаниялардын 2 жылдан берки арызы бул ирет да каралган жок. Муну журналисттер сөз эркиндигин чектөө катары баалашууда.

Акыркы 2 жылда Өкмөт алдындагы байланыш боюнча агенттикке жаңы радиожыштыктарды алууну каалаган 30дан ашуун телерадиокомпаниялар кайрылган. Ошого байланыштуу 17-сентябрда массалык маалымат каражаттарынын республикалык экинчи конференциясынын катышуучулары президент Аскар Акаевге кат жолдошкон эле. Мына ошондон кийин гана Өкмөт алдындагы байланыш боюнча агенттиктин лицензия берүү боюнча комиссиясы чогулуп, өз отурумун өткөрдү. Аталган агенттиктин бөлүм башчысы Марина Ибрашованын айтымында, мурдатан обого чыгып келаткан 12 телерадиокомпанияга 5 жылдык мөөнөткө жаңы лицензиялар берилди:

- Комиссиянын бир добуштан кабыл алган чечими менен лицензиянын мөөнөтү 5 жылга деп аныкталды, башкача айтканда, 2009-жылдын 1-октябрына чейин берилди. Бул жолу жаңы лицензияларды берүү маселеси каралган жок.

Байлыныш боюнча агенттиктин лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Марина Ибрашова белгилегендей, бул ирет жаңы радиожыштыктарды пайдаланууга уруксат сурап кайрылгандардын арыздары каралган жок. Качан каралаары да белгисиз. Бул суроого аталган агенттиктин директору Андрей Титов гана жооп бералат дешет, Титов мырза болсо убактысынын тардыгын айтып, «Азаттыкка» интервью берүүдөн баш тартты.

Ушул эле агенттиктин бөлүм башчысы Таалай Эшалиевдин айтымында, радиожыштыктарды кандай тартипте бөлүштүрүү керек деген маселеде агенттик менен журналисттердин ортосунда талаш-тартыш бар. Алгач, радиожыштыктарды конкурстук негизде бөлүштүргөн оң деп чечишип, ага агенттик да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да макул болушкан. Биргелешип жарым жыл иштеп, акыры жобосун иштеп чыгышкан.

Бирок быйыл 9-июлда агенттик жыштыктарды аукциондук тартипте, башкача айтканда, ким акчаны көп берсе ошол теле,радиокомпания утуп алгыдай эреже киргизет. Агенттиктин бөлүм башчысы Таалай Эшалиевдин айтымында, мындай окуяга журналисттер өздөрү жеткиришти:

- Жыштык тартыш болгондуктан алгач конкурс аркылуу берели дегенбиз. Бирок масс-медианын өкүлдөрү ага каршы чыгышкан. Президентке чейин даттанышкан. Ошондо конкурс өткөрбөй калганбыз. Кайра аукциондук жол тандалган.

Таалай Эшалиевдин мындай пикирине «Алмаз» радиостанциясынын жетекчиси Рустам Кошмуратов кошула албайт. Анын айтымында, агенттик жыштыктар тартыш болуп жатат дегени менен, ага далил катары факты, аргументтерин көргөзбөй келатат.

Экинчиден, жыштыктарды кыргыз өкмөтү жергиликтүү компанияларга ыраа көрбөй жаткан маалда, аларга Казакстан, Өзбекстандын компаниялары кожоюн болуп алышууда:

- Байланыш агенттиги жыштык жок, толкун жок деп келатат. Бирок ошол эле маалда Казакстан, Өзбекстан тараптан ошол жыштыктарды ээлеп алып жатышат. Мисалы, алар Кыргыз өкмөтүнө ушундай жыштык бар экен деп кат жазышат экен, биздикилер «бербейбиз» деп койсо же такыр жооп болбосо алар аны ээлеп алса болот экен. Эреже ушундай! .

Рустам Кошмуратов теле, радиотолкундарды бөлүштүрүүнү бийлик атайылап шайлоолорго карата кечеңдетип жатат деген пикирде. "Анткени 40ка жакын арыз берүүчүлөр арасынан балким оппозиялык маанайдагы теле же радиолор чыгып калышы да ыктымал деп бийлик сактанып турушу мүмкүн", дейт Кошмуратов.

Ал эми Кыргызстандын Медиа өкүлү, белгилүү юрист Шамарал Майчиев болсо бийлик менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы мындай мамилелерди укуктук жактан жөнгө салган мыйзамдардын, анын ичинде «Байланыш жөнүндө» мыйзамдын азыркы талапка жооп бербей, эскирип калганын айтат:

- Жаңы мыйзам кабыл алуу керектигин мен эле эмес, баардыгы айтып жатышат. «Байланыш жөнүндө» мыйзамдын көп жерлери эскирди. Азыр медиа-рынокто көп оюнчулар бар. Алардын баарынын кызыкчылыктарын эске алган жаңы мыйзам керек.

Шамарал Майчиев эгер массалык маалымат каражаттарын ишкерлик кылуунун объектиси катары карасак анда жыштыктар аукцион аркылуу сатылышы керек деп эсептейт. Бирок Кыргызстанда медиарыноктун калыптанып бүтө электигин эске алып, азырынча жыштыктарды конкурсттук негизде бөлүштүрүү оң деген ойдо юрист.
XS
SM
MD
LG